Конфедерациялар Кубогу: Португалия менен Мексика жарым финалга чыгышты




Орусияда өтүп жаткан Конфедерациялар Кубогунда алгачкы жарым финалга чыккан командалар белгилүү болду. "А" тайпасынын 3-турдук оюндарында Орусия Мексика менен кез келип, 2:1 эсебинде утулууга дуушар болду.
Оюндун жүрүшүндө үй ээлеринин футболчусу Самедов эсепти ачканы менен, мексикалык Араухо менен Лосано айырмаланышты. Жыйынтыгында өз күйөрмандары алдында Орусия футболчулары тайпадан чыга албай калышты.
Экинчи оюнда Португалия Жаңы Зеландияга бир дагы мүмкүнчүлүк берген жок.
Роналду, Бернарду Силва, Андре Силва жана Нани гол киргизип, 4:0 эсебинде жеңишти.
Португалия менен Мексика 7 упайдан топтоп тайпадан чыгышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

2-орун Германия
3-орун Чили
4-орун Мексика