super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 26-ИЮНЬ: Америкалык ырчы, актриса Ариана Гранде туулган

 
Ариана Гранде
Ариана Гранде жана Мак Миллер

Америкалык ырчы, актриса Ариана Гранде 1993-жылы АКШнын Флорида штатындагы Бока-Ратон шаарында туулган. Ал көпчүлүккө "Жеңүүчү Виктория" (2010) сериалындагы Кэт Валентайндын ролу аркылуу белгилүү болгон.

Чыгармачылыктагы карьерасы - 2011-жылы аталган сериалга саундтрек жаздыруу менен башталган.

2013-жылы 30-августта "Yours Truly" аталышындагы өзүнүн алгачкы альбомун чыгарган. Биринчи жумада эле альбомдун 138 миң даанасы сатылган. Кийинки жылы 25-августта "My Everything" деген экинчи альбому жарык көрүп, алгачкы жумада 169 миңи сатылып кеткен. Ал эми соңку "Dangerous Woman" альбому 2016-жылдын 20-майында жарыкка чыккан.

2016-жылдын август айынан тарта америкалык рэпер Мак Миллер (ред. өзүнүн аты Малкольм Маккормик) менен кыз-жигит экени айтылып келет.

Ариана Гранденин үстүбүздөгү жылы 22-майда Улуу Британиянын Манчестер шаарында өткөн концертинде жардыруу болуп, 22 адам каза болгон. Жардыруу террордук акт катары каралып, 7 шектүү кармалган. Ырчы окуяга байланыштуу өзүнүн баракчасына "Сындым. Болгон окуяга абдан өкүнүп жатам. Башка сөз айталбайм" деп жазган. Арадан көп өтпөй 4-июнь күнү ырчы аталган шаарга кайрымдуулук концертин өткөрүп, андан түшкөн каражатты жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө жардам иретинде тараткан.

26-июндун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: