СУПЕР ТВ: "Супер Хит" сынагына SUPER.KG'нин 10 жылдыгына жаздырылган "Кызыл гүл" ырынын клиби кошулду





SUPER.KG порталынын Супер ТВ бөлүмүнүн жума ичинде популярдуу клиптер арасында жүргөн "Супер Хит" сынагынын кезектеги жыйынтыгы чыгарылды. Көрөрмандардан эң көп добушка ээ болгон Самара Каримова менен Нурлан Насиптин "Бололу бирге" аттуу ырынын клиби 3 ирет 1-орунду багындырып, сыйлуу тизмекке кошулду. Ал эми эң аз добуш алган ырчы Назминин "Бактым тоодой ушундай" ырынын клиби сынактан четтетилди.
"Супер Хит" сынагына бул жумада эки жаңы клип кошулду. Алардын бири SUPER.KG'нин 10 жылдыгынын концертине жаздырылган Анжелика жана Дайыр Исмадияровдун "Кызыл гүл" ырынын клиби болсо, экинчиси Баястан, Бегиш жана Айымжандын "Баары эми башталат" клиби.
"Супер Хит" сынагынын башка катышуучуларын сюжеттен көрө аласыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.