super.kg logo

Интернет ааламында “Түбөлүктүү сүйүү” сериалындагы эпизоддорду аткарып, баракчаларына жайгаштырган колдонуучулардын саны өсүүдө

 

Түркиянын "Ay Yapim" продюсердик компаниясы менен биргеликте тартылып, бир гана түрк элине эмес, бүткүл дүйнөгө тартууланган “Түбөлүктүү сүйүү” сериалы 2015-жылдын 14-октябрынан тартаStar TV” телеканалынан көрсөтүлө баштаган. Башкы ролдорду түрктөрдүн белгилүү актёрлору Бурак Өзчивит, Неслихан Атагүл жана Каан Урганжиолу аткарышкан. Сериалдын экинчи бөлүмү 2016-жылдын 21-сентябрында элге тартууланып, ушул жылдын 21-июнунда соңуна чыкты.

Сериалда байдын кызы Нихан менен чач тарачтын уулу Кемалдын сүйүүсү, ортодогу тоскоолдуктар жана кыйынчылыктар чагылдырылган. Узактыгы 2 жылга жетсе дагы сериалдын соңу бактылуу жыйынтыкталбай, башкы каарман Кемалдын өлүмү менен аяктаган. Мунун себебин "Ay Yapim" продюсердик компаниясы сериалды элдин эсинде кала тургандай кылып бүтүрүүнү көздөгөндүгү менен байланыштырган.

Мындан улам социалдык тармактарда Кемалдын өлүмүн жоктоп, “аза күткөндөр” биринен бири ашса, аталган сериалдагы эпизоддорду өз алдынча тартып, интернет айдыңына жүктөгөндөрдүн саны андан өтөт.

Сериалга байланыштуу интернетте көп жолу каралган колдонуучулардын автордук видеолору назарыңыздарда.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда Бурак Өзчивит актриса Фахрие Эвженге баш кошору маалымдалган.






"Түбөлүктүү сүйүү" сериалындагы актёрлорду туураган көрөрмандар (5)

"Түбөлүктүү сүйүү" сериалындагы актёрлорду туураган көрөрмандар (4)

"Түбөлүктүү сүйүү" сериалындагы актёрлорду туураган көрөрмандар (3)

"Түбөлүктүү сүйүү" сериалындагы актёрлорду туураган көрөрмандар (2)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
26.06.2017. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тойгузду ушул сериал, тажатты корор козум. Тезраак унутулса экен. Кайсыл жакка кирбе ушул сериал. Бир эле лицолорду коро берип тажап кеттим.
26.06.2017. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаны саны кайсы убакта чыгат???
26.06.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кара суйуу эмеспи
26.06.2017. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу кинону ар кайсы сайтка чыгара берип тажатышты.Корбогонумо суйуном убактымды коротуп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: