super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 27-ИЮНЬ: Казак жазуучусу Мухтар Ауэзов 63 жаш курагында операция учурунда көз жумган

 

Казак жазуучусу Мухтар Ауэзов 1961-жылы жайында Москвага дарыланууга келип, 27-июнь күнү операция убагында 63 жаш курагында көз жумган.

Ал 1897-жылы 28-сентябрда Семей уездиндеги, Чынгыз болуштугунда (азыркы Чыгыш-Казакстан облусу, Абай району) туулган. Жаштайынан орус тилинде окуп, кийин Санкт-Петербург университетинин филология факультетин бүтүргөн. Ташкенттеги Орто Азия университетинде аспирантурада окуп жүргөн кезде “Манас” эпосуна кызыгып, иликтей баштаган. Казак адабиятынын классикасына айланган “Абай жолу”, “Көк серек”, “Енлик-Кебек” жана башка чыгармалардын автору.

Казакстандын маалымат булактары залкар жазуучу 3 жолу үйлөнгөнүн жазышат. Биринчи жубайы Райхан Какен кызынан Мугамила аттуу кыздуу жана Шокан деген уулдуу болгон. Экинчи жубайы Камила Магауи кызы экөө 2 наристелүү болуп, бирок ымыркайлар төрөлөр замат чарчап калышкан. Ал эми үчүнчү жубайы Валентина Кузьмина Елдос, Эрнар жана Лейла аттуу балдарды жарык дүйнөгө алып келген.

27-июндун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
27.06.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызда Токтогул, казактарда Абай, кыргызда Чынгыз, казактарда Мухтар.

Казактарда Нурсултан Назарбаев, кыргыздарда эч ким...
27.06.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Revolyutsiya2,казактарда сен учун Назарбаев болсо мен учун Курманбек Бакиев Салиевич
27.06.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kychan.98, Бакиевде Назарбаевдей мээ, акыл болгондо кыргыз эли тентип журбогон болоор эле! Озу да элге жек корунду болуп качпай, элдин урмат-сыйына арзып такта отурган болоор эле...
Patriot7 түзөттү 2017-06-27 15:39:34
27.06.2017. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kychan.98,бокиев президент кезде сен чычкак бала элен хххду тушунуп коюпсунбу отур тынч.кохххту бекем кысып
27.06.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ауэзов агабыз казак-кыргыз мамилесине чон салым кошкон, эки элдин тен сыймыгы, уулу, Манасты изилдеген окумуштуу, Абай жолу сыяктуу чыгармасы менен казактардын дээрлик 1-2 кылымдагы жашоосун, урп-адат, маданиятын бизге жеткирген залкар жазуучу...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: