super.kg logo

Эгиз кыздарымдын бирин дарыгерлер бербей койду деп шектенген ата акыйкатка жетпесе жанын кыярын айтат

 

"Эгиз төрөлгөн кыздарымдын бирин ооруканадан бербей коюшту", - деген арыз менен Балыкчы шаарынын тургуну УКМКга кайрылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарынын Махабат Намазбекова аттуу тургуну көз жарганга чейин бир нече жолу УЗИ аппараты менен текшерилген. Бардык текшерүүлөрдө дарыгерлер ага эгиз кыздарды күтүп жаткандыгын айтышкан.

Ушул жылдын 6-июнь күнү ал Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө көз жарган. Төрөтүн кабыл алгандар ага жалгыз кыз төрөлгөндүгүн кабарлашкан. Дарыгерлерге ишенбеген жолдошу Данияр Чыбыев 12-июнда арыз менен УКМКга кайрылган. Арыз УКМК тарабынан бир жуманын ичинде каралып, Каракол шаардык прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Кийин Данияр Чыбыев интернетке видео билдирүү таркатып, жоголгон кызын таба албаса дүйнө кезип же өз жанын өзү кыярын билдирген.

"Келинчегим эгиз төрөмөк, сегиз жолу УЗИ аппаратына түшүп, сегизи тең эгиз бала деп көрсөткөн. Бишкекте келинчегим УЗИге түшкөнүндө дарыгер эки жүрөк согуп жатканын, кыймылдары жакшы экенин айткан. Биз эгиз кызды күтүп жатсак жалгыз кыз төрөлдү деп кабарлашты. Ошол күндөн бери акыйкатка жетпей келебиз", - дейт Чыбыев.

Ал эми Балыкчы шаарынын ооруканасынын жетекчиси Талант Жумагазиев жалгыз кыз төрөлгөндүгүн, УЗИден жаңылыштык кетүүсү мүмкүн экендигин айтты. Андан тышкары төрөт учурунда Махабат Намазбекова эсинде болгонун баарын өзү көрүп турганын кошумчалады.

Учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинде бул иш боюнча түзүлгөн атайын комиссия иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

.






"Эгиз кыздарымдын бирин дарыгерлер бербей коюшту"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(26)
28.06.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
сабр Аллах кубо
28.06.2017. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кантип эле бирди торогондур,ОЗУ билбейт экенби эмне? менин бир женем 10жолу узиге тушсода уул деп кыз тородуго?! Узиге эмес кудайга ишениш кк дегем ошондо
28.06.2017. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
raykray,узи эгизди адашпайт. Жынысынан адашат. Акылдуу боло бербегилечи
28.06.2017. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озунун созуно окшобойтко! Аялы кантип эле билбесин бирди же экини торогонун тообо!
28.06.2017. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pixduel1,кесеро болду деп жататго
28.06.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
УЗИ сапаттуу болсо туура эле айтат.
28.06.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асаляму Аллекум бир тууган! Ошол торот учурунда 3-4 практикант - студент жаш медиктер менен кошо он чакты медиктер катышкан экен го, ошончо адамдын бироо болбосо - бироосу айтат эле го сиздин окуяныз тууралу. Алар бир эле кыз-бала тууралу айтышкан экен го.
Eldico түзөттү 2017-06-28 20:00:11
29.06.2017. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eldico, баардык торотто катышат деп ким айтты?!! Практиканттар туну да окуйт бекен?!!
29.06.2017. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Revolyutsiya2,Далил: Операция началась 6 июня в 09:02. В 09:06 извлекли ребенка. Девочка родилась весом 3 кг 250 граммов. Операция завершилась в 09:50», - говорит она.
Как добавила Т.Айдаралиева, операцию проводили 10 медиков: 2 хирурга, 1 реаниматолог, 1 анестезиолог, 2 медицинских сестры, 1 санитарка, ассистент хирурга, 1 стажер и 2 акушера. Кроме этого, за операцией наблюдали 3 практиканта. Демек эртен мененки 09 дарда башталган, туну эмес эле.
Eldico түзөттү 2017-06-29 10:03:06
28.06.2017. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын. Менин да келинчегим жакында коз жарат. Иешаллах уул кутуп жатабыз. Узиден эркек деген. Узи туура эмес айтып койушу да мумкунбу. Биз Россиядан тушконбуз УЗИге.
29.06.2017. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Su.Zeyd_89,жынысынан адашат узи.
29.06.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Su.Zeyd_89, уулбу кызбы эмне айырмасы бар,бала ширин болотго
28.06.2017. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр кылыныз. Эгерде эгиз торолсо кудайым корсотот ошол жалган суйлогон адамдарга .
28.06.2017. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле узиге тушуп жакшы эле тороп жатпайбы жанылыштыгы жок эле жанылыштык кетсе эмнеге иштетип жатат медиктер узини бардык иш директорунда
28.06.2017. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгиз баланы энеси кыймылынан деле сезет экен го. Байкуш ата эне Кудай буюруп табылып калса экен
28.06.2017. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
аялдарыбыз тороп атканда жанына турат окшойбуз
28.06.2017. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудайдан коркула доктурлар чындап эгиз болсо бергиле бироонун баласын какшатпай бироону какшатса озу да какшайт кудай тегиз бир жагынан коргозуп койот
29.06.2017. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бала 6-7 айда толук органдары билинет эки журок сокконунан бери.Жыныстан адашса бир плод эки плод так корунот.
Медиа-портал
29.06.2017. 05:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Evropadai bolup atalardy dagy torotko katyshtyrysh kerek a to ech kachan toktoboit , aldamchylyk.
Медиа-портал
29.06.2017. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nora, Европа эмес Кыргызстанда деле киргизет аталарды, аталар оздору качып жатышат.
29.06.2017. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
3кг 250гр эгиздин бироосуно чондук кылат. Чындап эле эгиз эмес окшойт.
29.06.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
baysuluu,болот 3,500гр эгиздер да болот.Узинин кагазын топтоп,сотко бериш керек.
29.06.2017. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baysuluu,мен жакында эле эгиз тородум.Бироо 3.200 бироо 3.400.Эмнеге чондук кылат.Мындан да кг оор торолгондор бар.
29.06.2017. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eldico, портал кыргыз тилдүү болгондуктан, кыргызча жазуу сунушталат жана башка сайттардын шилтемесин калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
29.06.2017. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер бир эле плод болмо анда неге кесеровасочение менен торотту экен
29.06.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтарга ишениш жок.Мумкун чындап бироосун бербей коюшкан.Ошого тааныштар аркылуу торогон туура же торотко куйоосун катыштырыш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: