super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Польша чемпиондугуна өттү

 
Эдгар Бернхардт "Редингхаузен" командасына өткөндөгү кез
Эдгар Бернхардт "Редингхаузен" командасында ойноп жүргөн кез
Эдгар Бернхардт улуттук курама командасынын оюнчусу
Эдгар Бернхардт "Краковия" командасында ойноп жүргөн кез

Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт Польша чемпиондугунун "Биринчи лигасында" ойногон "Сталь Мелец" аттуу клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн футбол федерациясы билдирет.

Буга чейин 2016-2017-сезонунда Эдгар Бернхардт Германиянын "Редингхаузен" командасында ойногон, анда 19 оюн өткөрүп, 2 гол киргизгенге үлгүргөн.

Маалым болгондой, Эдгар Бернхардт Польшанын "Биринчи Лигасы" менен тааныш, 2012-2013-жылы польшалык "Краковия" командасында ойноп, "Биринчи лиганын" күмүш медалын жеңип, "Премьер-Лигага" өткөн. Кийинки 2013-2014-сезондо "Премьер-Лигада" "Краковия" командасы менен 9-орунга ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: