super.kg logo

Спорт менен машыккан жылдыздар. Асел Кадырбекова фитнес менен машыкса, Куралбек Чокоев профессионал спортчу болууну кыялданат

 

Спорттун пайдасы тууралуу жазбасак да баарына белгилүү. Акыркы жылдары коомдо сергек жашоого үндөгөндөр, эл аралык беттештерде Кыргыз мушкерлеринин ийгиликтери коомубузда спорт сүйүүчүлөрүнүн санын көбөйтүп жатат. Айрымдары ийгилик жаратуу үчүн спорт менен машыкса, кээ бири жөн гана өзүн бир формада алып жүрүү үчүн машыгат. Мындан сырткары жай мезгили жакындаганда көпчүлүктүн машыгуу залдарына бат-баттан каттап, өздөрүнүн дене-мүчөлөрүнө кам көргөнү адатка айлангандай. Алардын катарында шоу-бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү да бар. Мындан улам атактуулардын кимиси спорттун кайсы түрү менен алектенип жатканы тууралуу кызыгып көрдүк.

Асел Кадырбекова

“Спорт менен машыгуу менин качантан бери ойлонуп жүргөн кыялдарымдын бири болчу. Бирок такыр эле убакыт-сааты чыкпай, быйыл гана машыгууну баштадым. Максатым – арыктоо же семирүү эмес. Болгону спорт менен достошуп, ден соолугумду чыңдагым келет”, - деген ырчы Асел Кадырбекова машыгууга жумасына 3 жолу, 3 сааттан убакыт коротуп жатканын айтты.

Куралбек Чокоев

Спорт менен машыгып баштаганына 1,5 жыл болгон ырчы Куралбек Чокоев спорттун бокс жана кол күрөш сыяктуу түрлөрү менен машыгып жатканын айтып, келечекте профессионал спортчу катары мелдештерге катышууну кыялданарын билдирди.

Гүлжигит Калыков

Ал эми ырчы Гүлжигит Калыков “Супер-Инфо” гезитине берген маегинде спорт менен достошконуна 14 жыл болгонун айткан. Белгилүү болгондой, ырчы жумасына 4 жолу спорттун бокс жана фитнес түрү менен машыгып турат.

Айдана Дека

Жаш ырчы Айдана Дека фитнес менен арыктап кетпөө үчүн машыгарын айтып, кичинекей кезинен тарта бий менен алектенерин жана учурда бийден сабак берерин кошумчалады.

"Мен жумасына 3 күн бийден сабак берсем, 3 күн өзүм бий ийримине катышам. Бирок жайында бий студиялары эс алууга чыккандыктан, азыр бош жүрбөстөн фитнес менен машыгуу алдында турам. Анткени көп кыймылда болбосом, бат эле арыктап кетем" дейт ырчы.

Максат Садырбеков

"Non-stop" дуэтинин солисти Максат Садырбеков окуучулук күндөрүнөн баштап машыгуу залына бара турганын, андан сырткары футбол жана сууда сүзүү менен алектенерин айтты.

"Машыгуу залына жумасына 3, футболго 2 жолу, ал эми сууда сүзүүгө бош убакыт табылганда барам. Кичинемден спортту сүйөм. Мурда дене-булчуңдарымды чыгаруу үчүн машыксам, соңку кезде өзүмдү өтө эле чоңоюп кеткендей сездим. Сахнага чыкканда да бир аз уялып, мындан кийин денемди чыгарууга бел байлабастан ушул боюнча бир калыпта алып жүрүүнү чечтим. Машыгууларга калтырбай барууга аракеттенем. Кээде гана саякатка кеткен учурда 1-2 айлык тыныгуу болуп калат. Бирок калтырган күндөрүмдү 1 айдын ичинде ордуна келтирип алам", - дейт Максат Садырбеков.

Аяна Касымова

"Кичинемде көркөм гимнастикага катышчумун. Учурда фитнес менен машыгам. Андан сырткары бош убактымда велосипед тээп, сейилдөөдөн ырахат алам", - деген ырчы Аяна Касымова машыгуу үчүн жумасына 3 күн 3 сааттан убакыт бөлөрүн билдирди.

Спорт ден соолуктун булагы демекчи, спорт сүйүүчүлөрү көбөйө берсин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
04.07.2017. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Булар залга суротко тушкону эле барышат экен да.
04.07.2017. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Понты
04.07.2017. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
14 15 жылдан бери барса кана резултаты?
04.07.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
жалгандан эле барышат экенда болгону сурот тушкону
04.07.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биздин артистар баары эле спортсмендерго Асел Нурланды да ээрчитип ал кичине толсун.
04.07.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Инстаграммга "Мен спорт залда"деген суроттор керек ,ошого барышат кобу...
04.07.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Боенуп алып кантип спорт залга барсын,эл дурбосо эшек кошо дурбоптур болуптур.
04.07.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аянанын жигитиби бекен жанындагы
04.07.2017. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынын айтсам ушул ырчылар тажатып жиберди , кайра-кайра ушулар чыга берет! Аа унутуп калган турбаймынбы булар Элитаго)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: