super.kg logo

"Шакектер шаасы", "Так талашуу оюну" тасмаларынын жылдызы Шон Бин 5-ирет үйлөндү

 

"Шакектер шаасы" ("Властелин колец"), "Так талашуу оюну" ("Игра престолов") тасмаларынын жылдызы, 58 жаштагы англиялык актёр Шон Бин 5-ирет үйлөндү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, актёр кечээ, 30-июнда өзүнөн 27 жаш кичүү сүйүктүүсү Эшли Мурга баш кошту. Үлпөт той чакан өтүп, ага түгөйлөрдүн жакындарынан 40 адам келген. Маалыматтарга караганда, алар 5 жыл мурун сүйүү мамилесин кура башташкан.

Актёр: "Чынын айтсам, 5-жолу үйлөнүү тууралуу планым жок болчу. Себеби Эшлини жолуктурам деп ойлогон эмесмин. Ал менен өмүрүмдүн акырына чейин бирге болгум келет", - деп билдирген.

Шон Бин биринчи жубайы, чач тарач Дебра Жеймске 1981-жылы 21 жашында баш кошкон. Экинчиси актриса Мелани Хиллге 1990-жылы үйлөнүп, 7 жыл чогуу жашаган. Актёрдун үчүнчү жана төртүнчү жубайы актрисалар Эбигейл Краттенден, Жоржина Сатклифф болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.07.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шариятта 4эле аял алганга уруксат)))))
01.07.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
anuvar0903,Шариятты билсен суйло. Бир убакта торт аялга уулонсо болот. Жолу болбогондор ажырашып кетишсе канча жолу уулонсо болорун чон аалымдардан сурап ал.
01.07.2017. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
деп коп уйлоно беришет
01.07.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялы озунон 27 жаш кичуу эмес эле озунонда чоон корунотко.ошондо ушу аялы 31 жашка окшобойтко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: