super.kg logo
  Спорт  

Конфедерациялар Кубогунун 3-орунга болгон беттешин Португалия курамасы жеңди

 

Бүгүн, 2-июль күнү Орусиянын Москва шаарында Конфедерациялар Кубогунун 3-орунга болгон беттеши орун алды. Анда Португалия менен Мексика курама командалары кез келди.

Аталган оюнда Португалия жылдызы Криштиану Роналду буга чейин жазылгандай ойногон жок. Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө Андреа Силва пенальтиден Очоанын дарбазасына гол киргизе алган жок.

55-мүнөттө Мексика курамасы чабуул жасап, Хавьер Эрнандестин соккусунан соң Португалия курамасынын коргоочусу Нету өз дарбазасына гол киргизип алды.

Оюндун акыркы мүнөтүндө Португалия чабуулун күчөтүп, Пепе кошумча мүнөттө гол киргизди. Эсеп 1:1. Оюн экстра таймга ооду.

Анда кызуу беттеш уланып 104-мүнөттө Адреа Силва пенальтиден эсепти 2:1 кылып, Португалияга жеңишти алып кетти.

Эске салсак, мелдештин жарым финалында Германия курамасы Мексиканы 4:1 эсебинде жеңсе, Чили курамасы Португалияны пенальтилер сериясында жеңип, финалга чыккан.

Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча 2-июлдан 3-июлга караган түнү саат 00:00 башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
02.07.2017. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Португалия Криштиано Роналдо жок болсо да жеңишке жетишти 3-орун.
02.07.2017. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Германия чемпион болот алга.
02.07.2017. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Португалия татыксыз 3-орунга. Судья Португалияга жан тартты
03.07.2017. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
УШУ Футболду ойноп емес коруп чарчайым
03.07.2017. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Германия чемпион конфедерация 2017
03.07.2017. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Криштианого шанс болчу алтын топ алганы эми кобуроок гол киргизуу керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: