super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 3-ИЮЛЬ: Ырчы Куралбек Чокоев 30-туулган күнүн учакта тосконун айтат

 

Бүгүн, 3-июлда ырчы Куралбек Чокоев 30 жашка толуп, бул жылы туулган күнү өзгөчө өтүп жатканын билдирди.

"Мен 2-3 күндөн бери чыгармачылыктагы жумуштарым менен Татарстандын борбору Казань шаарында жүргөм. Планымда бүгүн эрте эле Бишкекке келмекмин. Тилекке каршы, аэропортто көбүрөөк кармалып калып, кечки саат 18:30да Бишкекке кондум. Бир да жолу туулган күнүмдү учакта өткөрүп көргөн эмес элем, быйыл аны да көрдүм", - дейт ырчы күлүп.

Ошондой эле өздүк майрамдын уландысын кантип өткөрө турганын азырынча билбей жатканын, бирок сөзсүз түрдө өткөрүү планында бар экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Куралбек Чокоев 1987-жылы Чүй облусунун Кара-Балта шаарында туулган. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун театр жана кино факультетин аяктап, андан соң Улуттук консерваториянын оркестр факультетине тапшырып, чыгармачылыктагы карьерасын ар түрдүү эл аралык сынактарга катышуу менен баштаган.

"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча Куралбек Чокоевдин аткаруусундагы "Билип жүр" аттуу ырынын клиби "2012-жылдын супер клиби" наамын алган.

3-июлдун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
03.07.2017. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айда же марста откоргонсуп айтатда. Ашып кетсе 5 саат учкандыр.
03.07.2017. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ronni7, 24 саат учуптур.
03.07.2017. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ. Чыныгы кыргыз жигити бар бол,аман бол,эки дуйно бактылуулугун насип этсин Аллахым. Дагы да элдин журогунон тунок тапкан ырларды ырдап кыргыз элинин сыймыгы болуп журо бер.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-04 10:05:46
04.07.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurkyz1977, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
03.07.2017. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик кут болсун туулган кунун куттуктап сени ата эне туугандарын суйунушсун бугун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: