super.kg logo

Үй-бүлөлүү айымдардын арасында "Аалам сулуусу 2017" сынагына Кыргыз жеринин атынан модель Аида Чоткараева катышат

 

Актриса жана модель Аида Чоткараева Түштүк Африканын Дурбан шаарында 26-августтан 3-сентябрга чейин өтө турган "Аалам сулуусу 2017" сулуулук сынагына катышат. Бул тууралуу сулуулук сынактарын уюштуруп келген Рыскүл Намазбекова SUPER.KG порталына маалымдады.

"Бул сынакка катышуу үчүн 1-июль күнү тизмени берүү зарыл болчу. Биз быйыл бир аз кечигип калгандыктан Кыргыз жеринин атынан эч ким катышпай калбасын деп, өзүм моделдерге сунуштап көрдүм. Алардын арасынан Аида дароо макул болуп, өзү да бул сынакка катышууну кыялданып жүргөнүн айтты. Сынакка былтыр 75 мамлекеттин сулуулары катышса, быйыл 80 өлкөдөн катышуучулар болот", - деди Намазбекова.

Ал эми Аида Чоткараева өзү Кыргыз жери башка мамлекеттерге бир гана табияты менен эмес, сулуу жана акылдуу кыздары менен да даңкталуусун каалап жатканын билдирди.

"Сынактын темасы "Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүү" деп аталат. Мен ушул маселени чечүүгө аз да болсо салым кошкум келет. Алдымда чоң жоопкерчилик турганын сезип, абдан толкунданып жатам. Негизги максатым - Кыргыз өлкөсүн татыктуу көрсөтүү", - дейт модель.

Белгилүү болгондой, сынакка 24 жаштан 50 жашка чейинки үй-бүлөлүү айымдар катыша алат.

Аида Чоткараева учурда үй-бүлөлүү, 1 уулдун апасы. Ал "Сулуулар жана миллион", "Ашыктык асманы", "Браво" тасмаларында роль жараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
04.07.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эх сулуу журокту жаралайсын.Экинчи Акмоор экесин жаным!
04.07.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kychan.98,кечигип калыпсын бирок
04.07.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кореецке тийген беле?
04.07.2017. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Админ кайдагы анжелика самара нурлан дайырларды доо шаалар деп чыгара бересинер. Рейтингинер томондоп кетти. Анан коро ушул кыздан минист кызынын махабатындагы наркоман кыз роза беле арапка тийди эле го ошолордон интервью алгылачы суранычб
04.07.2017. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
love.me.again, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
04.07.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бегимай карабнкова неге катышпайт админ ал кыргызстан сулуусу эмес беле??
04.07.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
love.me.again,уй булолу айымдар гана катыша алат 24жаштан 50 жашка чейин деп тураткоо Бегимай 18 жашта болсо керек кийин мага тийгенден кийин 24 ко чыкканда катышат Бегимай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: