super.kg logo

MegaCom 4G LTE менен Ысык-Көлдө эстен кеткис күндөрдү өткөрүңүз!

 

Жайдын ысык күнүндө күн нуруна чагылып, алтын чабак туйлаган көлдүн жээгинде эс алууга эмне жетсин?!

Бардыгыбыз Ысык-Көлүбүзгө барып, жашообуздун тынымсыз айлампасынан аз да болсо чыгууну көздөйт эмеспизби. Ошол эле убакта ар дайым жакындарыбыз менен баарлашып, акыркы жаңылыктардан да кабардар болуп турабыз. Эң башкысы - эс алуудан алган таасирлерибиз жан дүйнөбүзгө сыйбай, алар менен ошол замат бөлүшкүң келет. Дүйнө жүзүн алаканына салган интернет желеси ар дайым сени менен. Ысык-Көлдө да жеткиликтүү болгон MegaCom 4G түйүнү миңдеген эс алуучуларга үзгүлтүксүз, сапаттуу уюлдук байланыш жана жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетти тартуулайт. Ишенимдүү уюлдук оператордун төртүнчү муун түйүнү менен Кыргызстандын берметин тегерете жайгашкан эс алуу жайларын, ден соолукту чыңдоочу борборлору да камтылган.

Кооз сүрөттөрүңүздү жайгаштырып, көңүл эргиткен обондорду, сүйүктүү тасмаларыңызды, сериалдарыңызды жана башкаларды HD сапатта жүктөп алсаңыз да болот.

MegaCom жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясын колдоно баштаардан мурда, түзмөгүңүз жана SIM-картаңыз бул форматты колдой тургандыгын текшерип алыңыз. *460 акысыз буйрутмасын терсеңиз, системадан «SIM-картаңызды алмаштырыңыз» деген жооп келет. MegaCom компаниясынын көл кылаасында жайгашкан Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунун же Фирмалык салондорунун бирине кайрылыңыз. Ал жерден эски SIM-картаңызды 4G LTE форматындагы жаңысына акысыз алмаштырып беришет.

4g.megacom.kg сайты аркылуу кошумча маалымат алып, интерактивдүү карта менен таанышып, кызыктырган суроолоруңузга жооп таба аласыз.

MegaCom 4G LTE түйүнү– чыныгы ылдамдыкты сез!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: