super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүктөрү менен иштөөгө уруксат берүү тууралуу кайрылуу Путинге жөнөтүлөт

 

Бүгүн, 5-июлда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүктөрү менен транспорттук каражатты башкаруу менен байланышкан ишмердүүлүктү жүргүзүүгө уруксат берүү тууралуу Орусиянын президентине кайрылуу жөнүндө токтомду бир добуштан кабыл алышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин кызматкери Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

"Мамлекеттик Думанын депутаттары ишкердик жана эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын жарандарына транспорттук каражаттарын башкарууда айдоочулук күбөлүктөрүн пайдалануу укугун берүү тууралуу Орусия президентине кайрылуу жөнүндө токтомду бир добуштан кабыл алышты", - дейт Байымбетова.

Орусиялык депутаттар Кыргыз жергесинде орус тили расмий тил болгондуктан Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүктөрү менен иштөөгө уруксат берүү тууралуу кайрылуусун даярдашканын 2-июлда Риа Новости басылмасы жазып чыккан.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта Орусияда чет өлкөнүн айдоочулук күбөлүгү менен иштегендер жумушка чыга албай калышкан. Алардын арасында Кыргыз мамлекетинин жарандары да бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: