super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 5-ИЮЛЬ: Гу Чжун Пёго окшош актёр 30 жашка чыкты. Ал атактуулукка кантип жеткен?

 
Жи Чан Ук
Ли Мин Хо
"Император айым Ки" сериалынан
"Хилер" сериалынан
"К2" сериалынан
"Шектүү өнөктөш" сериалынан

Учурда белгилүү түштүк кореялык актёрлордун катарына кирген Жи Чан Ук 1987-жылдын 5-июль күнү төрөлгөн. Атактуу болгонго чейин аны көпчүлүк Гу Чжун Пёнун ролун аткарган Ли Мин Хого салыштыра беришчү. Келбети гана окшошуп кетпестен, экөө тең 1987-жылкы жана актёрлук карьерасын да бирдей мезгилде башташкан. Салыштырууну ушуну менен токтотуп, бүгүн туулган күнүн белгилеп жаткан каарманга кайрылсак.

Жи Чан Ук биринчи жолу 2006-жылы тасмага тартылган, бирок көпкө чейин эл оозуна алына албай жүргөн. Бирок бир жагдайда ал жолдуу чыгар, эң башында тартылган сериалдардын баарынын рейтинги жогору болгон. Ошондон улам ал көрөрмандардын да, режиссёрлордун да көзүнө көрүнүп калууга жетишкен. Чыныгы атактуулукту ал “Император айым Ки” сериалында башкы ролду аткаруу менен багындырган. Бул сериал Түштүк Кореяда гана эмес, Кытай, Япония, АКШ, Орусия жана Европа өлкөлөрүндө да көптөгөн күйөрмандарды чогулткан. Акыркы тартылган дорамалардын ичинен “Хилер”, “К2”, “Шектүү өнөктөштү” белгилөөгө арзыйт. Каарман актёрлуктан тышкары жакшы ырдайт. Баса, жогорку окуу жайдын театр жана кино бөлүмүнө тапшырууда сынактан ырдоо өнөрү менен өтүп кеткен. Кызыктуусу – эл оозуна алына албай жүргөн кезинде Жи Чан Ук токуганды үйрөнгөнүндө. Маектеринин биринде ал “мен ушундай жол менен өзүмдү сооротчумун” деген. Биринчи алган гонорарын апасына карматкан, анын себебин апасы уулуна өмүрүн арнап койгондугу менен түшүндүргөн. Жи Чан Ук 5 жашка чыкканда эле атасы кайтыш болуп калып, апасы башкага турмушка чыккан эмес, үйдө жалгыз эле бала. 2015-жылы Түштүк Кореядагы эң көп гонорар алган алдынкы ондукка кирген. Орточо ошол жылдары сериалдын ар бир бөлүгү үчүн 42 миң доллар алып турган.

5-июлга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
05.07.2017. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Гу Жун Пе красавчик канчалаган кыздардын журогун ооруткан бала
06.07.2017. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Императрица Ки" соонун кино
06.07.2017. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бираз окшойт экен чын эле
06.07.2017. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен такыр окшотподум ли мин хо сулуураак экен
06.07.2017. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хилер деген киносуда сонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: