Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Москва шаарынын мэри Сергей Собянин менен жолугушту

Кечээ, 5-июлда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов менен Москва шаарынын башчысы Сергей Собянин Москвада шаарларды өнүктүрүүгө багытталган форумдун алкагында жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда калаа башчылары "Акылдуу шаар" долбоорун иштеп чыгууну талкуулашты. Андан кийин Бишкек мэриясы менен Москва өкмөтүнүн ортосунда 2018-2020-жылдар аралыгындагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий жактан кызматташуусу боюнча программага кол коюшту.
Жолугушууга Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев да катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
2

