Казакстандык продюсер Баян Есентаева эмне үчүн сүйүктүүсүнө турмушка чыкпай жатканын түшүндүрдү





Кечээ, 5-июлда Казакстанда белгилүү продюсер Баян Максат кызы (Есентаева) өзү тууралуу жазган "Баян. Мен жөнүндө жана ал гана эмес" аталышындагы китебинин бет ачарын өткөрүп жатып, учурдагы сүйүктүүсү, жеке ишкер Турсен Алөгүзовго эмне үчүн турмушка чыкпай жатканын ачыктады. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Алөгүзовдун мурунку жубайы аны менен ажырашууга макулдугун бербей келет.
“Негизи соттошуучулардын бирөөсү ажырашууга макул болбосо, жарым жылга чейин соттук процесс улана берет. 16-августта экөөнүн ажырашуусу боюнча акыркы сот болот, эгер анда да сот чечим чыгарбастан кийинкиге калтырса, демек, мыйзамды бузган болот”, - деген ал.
Ошондой эле мурунку жолдошу Бахытбек Есентаев менен акыркы ирет качан сүйлөшкөнү тууралуу берилген суроого да жооп берген.
“Эмне үчүн акыркы?.. Акыркы жолу сүйлөшкөндөй биз душман эмеспиз да. Мен акыл-эси ордундагы адам катары 2 кызым сүйлөшүп, жолугуп турган адам менен кантип сүйлөшпөй коймок элем? Мен аны менен тынч отуруп сүйлөшүүгө күч топтодум. Андыктан акыркы сүйлөшүү деп айтууга болбойт", - деген Баян Максат кызы.
Эске салсак, продюсердин мурунку жолдошу Бахытбек Есентаев жубайына кол салып, жыйынтыгында 9 жылга эркинен ажыратылган.



Ал эми бул катынды казак форумдары ж.б.казактардын басымдуу копчулугу айыптап, жекирип, согуп жатканын корууго болот..
Мунун куйоосу 9 жыл камалаарын билсе, мындай катынды олтуруп анан камалбаптыр, сот коп болсо 5-6 жыл ашыкча берет эле...