super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 7-ИЮЛЬ: "Мыкты жигиттер" сериалындагы кыз жандуу жигит Со И Чжон 28 жашка толду

 
"Мыкты жигиттер" сериалындагы актёрлор
"Мыкты жигиттер" тасмасындагы Чан Динин курбусу Га Ылдын ролун аткарган актриса Ким Со Ён менен чыныгы жашоодо да кыз-жигит болгон
"От кудайы Чжон И" тасмасында чогуу роль жараткан Мун Гын Ён менен дагы сүйүү мамилесинде болгон
Бала чагында

Түштүк кореялык "Мыкты жигиттер" сериалында кыз жандуу жигит Со И Чжондун ролун аткарган актёр Ким Бом 28 жашка толду. Ал 1989-жылы 7-июлда Сеул шаарында төрөлгөн.

2006-жылы KBS каналы тарабынан уюштурулган “Survival Star Audition” аттуу жаш актёрлордун сынагына катышып, 17 жаштагы Ким Бом миң катышуучунун ичинен алдыңкы ондукка илине алган. Алгачкы жолу актёр "Кыжырды келтирген аялдар" сериалында өзүн сынап көргөн. Андан кийин биринин артынан экинчи сунуш түшүп, тасмаларда роль жаратып, атактуулукту 2009-жылы чыккан "Мыкты жигиттер" тасмасынан алган.

Актёр мындан сырткары "Турмушка чыккысы келген айым", "Бул кышта шамал согот", "Бейиштен чыгышка карай", "От Кудайы Чжон И" жана башка тасмаларда роль жараткан.

Жеке жашоосу

Маалыматтарга караганда, Ким Бом экранда эле эмес, чыныгы жашоосунда да кыз жандуу. Ал 18 жашка чейин 6 кыз менен сүйлөшкөн.

"Жүрөгүмдү багындыра ала турган айым сөзсүз түрдө менден улуу болушу керек. Анткени алар менен тил табышуу мага жеңил" деген Ким Бом маектеринде.

17 жашында өзүнөн 2 жаш улуу айым менен мамиле түзүп көргөн. "Мыкты жигиттер" тасмасындагы Чан Динин курбусу Га Ылдын ролун аткарган актриса Ким Со Ён менен чыныгы жашоодо да кыз-жигит болгон.

7-июлга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: