super.kg logo

Эми кенже эпостор, жомоктор анимациялык фильм болуп тартыла баштайт. "Кыргызфильмде" анимациялык студия ачылды (фото)

 

Бүгүн, 7-июлда Бишкектеги "Кыргызфильм" киностудиясында анимациялык студия ачылды. Иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, Мамлекеттик кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев, киностудиянын жетекчиси жана кызматкерлери катышты.

Министр Түгөлбай Казаков студиянын ачылышы кыргыз киносу, көрүүчүлөр үчүн чоң окуя экенин баса белгиледи.

Ал: "Быйыл алгачкы кыргыз мультфильминин жарыкка чыкканына 40 жыл толду. "Сандардын чатагы" деп аталган биринчи мультфильмди режиссёр Сагын Ишенов тарткан. Советтер Союзу кыйраганда ал студиялар жок болуп, балдар үчүн мультфильм тартуу маселеси чечилбей келген. Бул студиянын ачылышы менен кенже эпостор, жомоктор анимациялык фильм болуп тартылат деген үмүттөбүз", - деди.

Былтыр Кыргыз киносунун 75 жылдыгы белгиленгенде президент Алмазбек Атамбаев анимациялык студиянын эмеректерин, компьютерлерди сатып алууга 2 миллион сом бөлүп берген.

Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев: "Быйыл 17-ноябрда Кыргыз мультфильминин 40 жылдыгына карата өтүүчү мааракеге ушул студиянын ичинен бир мультфильм даярдоону пландап жатабыз. Студияда иштеген адамдарга чет элдик адистер тарабынан сабактарды уюштуруп беребиз", - деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.07.2017. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылык
07.07.2017. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурда эле чыгарылышы керек болчу)) ийгилик анда
07.07.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аалы Токомбаевдин "куунун сыры" ангемесин да тартса жакшы болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: