Дарья Маслова жеңил атлетика боюнча Азия чемпиондугун жеңди




Индиянын Бхубанешвар шаарында өтүп жаткан жеңил атлетика боюнча Азия чемпиондугунда спортчу Дарья Маслова алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалымытка караганда, Дарья Маслова 5000 метр аралыкка жарышып, 15 мүнөт 57,95 секунд жыйынтыгын көрсөтүп, 1-болуп келди.
2-орунду Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Алиа Мохамед ээледи. Индиялык спортчу Санживани Жадхав 3-болуп келди.
Эске салсак, Дарья Маслова Азербайжандын Баку шаарында өткөн Ислам тилектештик оюндарында коло медалдын ээси болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

10000 метрге бардыгы болуп 25 тей кыз чуркаган болсо озу