super.kg logo

Садыр Жапаровдун иши боюнча күбө: "Мага Садыр Жапаров митингге 4 миллион сом чыгым кылганын айткан"

 

Бүгүн, 7-июлда Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун ишин караган соттук отурум өтүүдө. Соттук отурумдун жүрүшүндө судья Эмил Каипов күбө катары суралуучу абакта жаткан Кеңеш Жумабаевдин өтүнүчүн окуп берди. Ал өтүнүч катында отурумга коопсуздугу үчүн катыша албастыгын билдирген.

Жактоочу Шарабидин Токтосунов: "Бүгүнкү күндө Жапаровдун ак экени белгилүү болууда. Күбө көрсөтмө берүүдөн баш тарта албайт. Ал абакта жатып кат жазса акт түзүп отурумга катыштырбай коюу адилетсиздик", - деди.

Ал эми Садыр Жапаров: "Бул эмне деген акмакчылык. Эркинен ажыратылган кишини күбө катары алып келишиңер керек. Мыйзамды тебелегендин да чеги болот. Мен ал кишиге суроолорум бар. Буга чейин тасмага тартууга тыюу салдыңар. Макул дейли, анын коопсуздугу үчүн ал келип көрсөтмө берип жатканда аудио жазууну да чектеп койгула", - деди.

Ошондой эле соттук отурумдун жүрүшүндө эркинен ажыратылып, жазасын өтөп жаткан күбө Наристе Калчаев суралды.

"2013-жылы 7-октябрда митинг өткөрүүнү эл менен пландаганбыз. Ошол күндөгү митингди эл жыйын өткөрүп белгилеген. Ага чейин митинг тууралуу жолугушуу Садыр Жапаровдун үйүндө болгон. Ал күнү өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүн кызматтан кетирүү боюнча Садыр Жапаров үн кошкон жок. Митингди каржылоодо Саруу айылынын жаштары чөп сатып жол кире кылганбыз. Мага Садыр Жапаров митингге 4 миллион сом чыгым кылганын айткан. Каптагаевди барымтага алгандарды көргөн эмесмин. Митингде баш аламан болуп кетти. Каптагаевди барып көрсөм бети-башы соо, жарылган эмес экен. Эл көп болуп адамдар бири-бирин укпай жатышты. Кийин бизди кармаганда бет кап кийген адамдар 3-4 саат сабады. 3 жолу эсимди жоготтум. Атайын химиялык зат менен эсиме келтирип жатышты. Алар "ким митингди каржылады" деген суроону берип сабашты", - деп көрсөтмө берди Калчаев.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жапаровду камакта кармоо мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
07.07.2017. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Садыр Жапаров чыксын
07.07.2017. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бошоткула ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-07 17:10:21
07.07.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кандай акмакчылык 4 ай убактынар калды баарын оз жазанарды аласынар сот пракрор баш аламандык уюштурган мискенбаев Жапаров акталып чыгат уялбайсынарбы камакта олтурган адамдан зордуктап куч менен коргозмо алганга чындыкты айтып бербесин деп атайын кат жаздырып алгансынар кучко салып
Begmat1992 түзөттү 2017-07-07 17:06:22
07.07.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Президент Садыр Жапаров
07.07.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
АШАнын деле доору бутот, ошондо ушул сотторду озуну отургузуш керек. Акталып турса деле, болбогон кат менен алдайсынар, позор окмот башчы, Кудай деп какшап калбасанар экен.
07.07.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Башаламандыкты Мискенбаев же Мусабекова уюштурса керек, болбосо Мотуевден сурап коргуло, сен эмес белен деп. Божомолдоп эле адам камай берсенер...
07.07.2017. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жапаровко боштондук!!!
07.07.2017. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жапаров керек Кыргызга
07.07.2017. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандай мамлекетте жашап атабыз? Банановая республикадан айырма калбады. Ким кучтуу бандит же бийлик болсо ошолор бийлеп калдыго. Атамбаев срочно кетбесе кыйын эле болуп калды
07.07.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул коюлган айыптоолор болгон кундода Кыргыз мамлекетинин коопсуздугу кызыкчылыгы учун С.Жапаров иштеши керек. Бугунку кундо Кытайга биз кунуно 470 мин$ доллар карыз болуп процент осуп атыптыр, олкобуздун коопсуздугун ушуга жеткирген Атамбаев, жаны окмот баары ото катаал жазага тартылыш керек
07.07.2017. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sadyr.sabyr sabyr
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: