super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 8-ИЮЛЬ: Уилл Смиттин уулу, актёр Жейден Смит 19 жашка толду

 
Үй-бүлөсү менен
"Бакытты издөө" тасмасында атасы менен бирге роль жараткан
Жейден Смит катышкан "Өспүрүм-каратэ" фильминен кадр

Америкалык актёр Жейден Смит 19 жашка чыкты. Ал 1998-жылы 8-июлда АКШнын Калифорния штатындагы Малибу шаарында актёрдун үй-бүлөсүндө туулган. Уилл Смит жана Жада Пинкетт-Смиттин тун уулу. Жейдендин тасмага тартылып калуусу айрымдар үчүн мыйзам ченемдүү көрүнүш болсо, өзү үчүн катастрофа болгон. Анткени атасы менен апасынын үйдө көп болбогону, көп убактысын киного арнаганы Жейдендин көкөйүнө тийген эле. 2006-жылы "Бакытты издөө" ("В погоне за счастьем") тасмасына атасынын кыстоосу менен тартылып калган.

2008-жылы Киану Ривз менен "Жер токтогон күн" ("День, когда Земля остановилась") аттуу тасмага тартылган. Жейден актёр гана эмес, каратэ чебери. Анткени 2010-жылы тартылган "Өспүрүм-каратэ" ("Каратэ-пацан") тасмасында башкы ролго тартылуу үчүн кадимки Жеки Чандан каратэ өнөрүн бир жыл бою үйрөнгөн.

8-июлга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
08.07.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атасына окшоп симпотичный болуптур... Негрлерге кандай гана прическа кылбасын жараша берет,тообо)))
08.07.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уилл Смитт деле каарыптыр:(
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: