super.kg logo

ТЕСТ: "Ата-Бейиттин" тарыхын билесизби?

 

"Ата-Бейит" Кыргыздын тарыхында кайталангыс инсандар өткөнүн эске салчу жай. Тарыхты билбесе да мемориалдык комплекстин айланасына же ага жакын жерлерге муз тебүү үчүн баргандар аз эмес. Анткен менен өлкөнүн тагдырын колго алып, күнөөсүз жерден каза болгон залкарлар жөнүндө билген маанилүү. Сталиндик режимдин курмандыктарына арналган эскерүү жайы тууралуу канчалык билесиз? Тесттен өтүп көрүңүз.






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

1937-1939-жылдары репрессия курмандыктары көмүлгөн жерде эмне болгон?

“Ата-Бейиттин” сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева репрессия курмандыктары көмүлгөн жайда кыш заводу болгонун айтканы бар. Ал өз эскерүүсүндө: "Үй-бүлөбүз менен эс алууга барып келсек мурдагы кирпич заводунун ордуна бир кара топурактуу дөбө туруп калыптыр. Атамдан сурасам "балам, катуу шамал болуп, завод кулап калган турбайбы", - деген.

Кийинки суроо


Кыш заводу
Муз тебүүчү аянт
Музей

"Ата-Бейитти" учурда Кыргыз Куралдуу күчтөрүнүн кайсы түзүмү көзөмөлгө алат?

Кийинки суроо


УКМК
Ички иштер министрлиги
Улуттук Гвардия

Репрессияга кабылган 137 кишинин тагдыры тууралуу даректүү тасманы атаңыз...

"Ата-Бейит" даректүү тасмасында 1937-1938-жылдары Сталиндик репрессияда ак жеринен атууга кеткен 137 кишинин тагдыры туурасындагы маалыматтар камтылган. Тасмага "Кыргызфильмдин" жана окуяны иликтеп, коомчулукка алып чыккан, ошол кездеги Улуттук Коопсуздук комитетинин кызматкери Болот Абдрахмановдын жеке архиви колдонулган.

Кийинки суроо


"Аталар керээзи"
"Ата-Бейит"
"Үркүн"

Кыргызда "Ата-Бейитке" коюлган репрессия курмандыктары кайсы күнү эскерилет?

Өлкөдө 8-ноябрь 1937-1938-жылдардагы сталиндик репрессия курмандыктарын эскерүү күнү. Бирок мамлекеттик деңгээлде иш-чаралар акыркы жылдары уюштурулбай келет.

Кийинки суроо


7-апрелде
10-июнда
8-ноябрда

Репрессия курмандыктарынын сөөгүн тоскоолдуктарга карабай казып чыккан Улуттук коопсуздук кызматкери ким?

Репрессия курмандыктары көмүлгөн жай тууралуу Бүбүйра Кыдыралиева Улуттук Коопсуздук комитетинин кызматкери Болот Абдрахмановго айтып берген. Ал казуу иштерин колго алуу үчүн ошол мезгилде бийлик өкүлдөрүнө айтып колдоо тапкан эмес. Эки жоокер, тергөөчү менен бирге казып, сөөктөрдү көп убакыт аралыгында өзү сактап жүргөнү айтылат. Казуу иштеринен улам ден соолугу начарлаганы да маалымдалган.

Кийинки суроо


Болот Абдрахманов
Бейшенбай Жунусов
Бусурманкул Табалдиев

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексине кайсы жазуучу жерге берилген?

2008-жылы 14-июнда жазуучу Чыңгыз Айтматов жерге берилген. 2013-жылы 14-ноябрда “Ата-Бейит” комплексинде Чыңгыз Айтматовдун мемориалы ачылган.

Кийинки суроо


Төлөгөн Касымбеков
Чыңгыз Айтматов
Аалы Токомбаев

"Ата-Бейиттеги" түндүк көтөрүлгөн эстелик кайсы тарыхый окуяны эскерүү үчүн орнотулган?

2016-жылы Үркүндүн 100 жылдыгына карата "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Үркүн окуясында каза болгондорго эстелик коюлуп, түндүк көтөрүлгөн.

Кийинки суроо


2010-жылдагы Апрель жана Июнь окуяларына карата
1916-жылдагы Үркүнгө байланыштуу
2005-жылдагы Жоогазын революциясына карата

"Ата-Бейитке" жерге берилген баатырлар кимдер?

2010-жылдын 7-апрелинде окко учкан 28 адамдын сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлган. Жыл сайын 7-апрелде "Ата-Бейитте" бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда эскерүү иш-чарасы өтүп турат.

Кийинки суроо


Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары
Кыргыз Эл баатырлары
Апрель Элдик революциясынын баатырлары

"Эл душманы" аталып репрессияга кабылгандар казылып алынгандан кийин качан жерге берилген?

Репрессиягка кабылгандардын сөөгү 4 метр тереңдиктен табылган. Сөөктөр экспертизадан өткөндөн кийин казып алынган жерден 100 метр алыс турган жайга 1991-жылы 30-августта кайрадан жерге берилген. Эртеси күнү, 31-августта Кыргыз Республикасы эгемендүүлүгүн жарыялаган.

Кийинки суроо


1991-жылы 30-августта
1991-жылы 31-августта
1991-жылы 1-сентябрда

137 адамдын сөөгүн казып алууда көз айнек, тамеки салгычтар, шинелдин топчулары, өтүктүн кончторунан сырткары кандай документтер чыккан?

"Ата-Бейиттин" сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева казуу иштеринде көз айнек, тамеки салгычтар, шинелдин топчулары, өтүктүн кончтору, алтын тиши бар баш сөөк табылганы тууралуу айткан. Мындан сырткары көмүлгөндөрдүн өздүгүн аныктоочу документтери, Жусуп Абдрахмановдун аты жазылган кагаз табылганын маалымдаган. Ошондой эле Төрөкул Айтматовду репрессиялоо боюнча токтом табылгандыгын билдирген. Казуу иштеринде табылган буюмдар "Ата-Бейиттеги" музейге коюлган.

Кийинки суроо


Төрөкул Айтматовду репрессиялоо боюнча токтом
137 адам көмүлгөнү тууралуу документ
Каза болгондордун тизмеси

Бүбүйра Кыдыралиева 137 кишинин сөөгү көмүлгөн жай тууралуу кимден укканын айткан?

Бүбүйра Кыдыралиева 1937-38-жылдардагы Сталиндик катаал репрессиянын курмандыгы болгон адамдардын сөөгү көмүлгөн жай тууралуу атасынан укканы маалым. Ал атасынын керээзин 52 жыл бою сары майдай сактап, 1990-жылы гана улуттук сырды шардана кылган.

Кийинки суроо


Немис чекистинен
Атасынан
Коңшуларынан

"Ата-Бейитке" көмүлгөндөр тууралуу айтып, улут сырын ким ачкан?

Репрессия курмандыктары көмүлгөн жай тууралуу 1932-39-жылдары Чоң-Таш айылындагы эс алуучу жайды кайтарып иштеген Абыкан Кыдыралиевдин кызы Бүбүйра Кыдыралиева айтып чыккан. Бүбүйра Кыдыралиева бала кезин эскерип адамдар көмүлгөн жайдан жагымсыз жыт, шоола чыккан күндөр тууралуу айтып берген.

Кийинки суроо


1939-жылдары эс алуучу жайды кайтарган адамдын кызы
1939-жылы Чоң-Таш айылына эс алганы келген киши
1939-жылы Чоң-Таш айылында кой кайтарган адам

Сталиндик репрессияга туш болгондор көмүлгөн жайды "Ата-Бейит" деп атоону ким сунуштаган?

Кийинки суроо


Аскар Акаев
Чыңгыз Айтматов
Апсамат Масалиев

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексин курууну ким демилгелеген?

Кыргыз Республикасынын биринчи президенти Аскар Акаевдин демилгеси менен "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин куруу иштери башталган.

Кийинки суроо


Роза Отунбаева
Курманбек Бакиев
Аскар Акаев

"Ата-Бейит" мемориалдык комплекси качан ачылган?

2000-жылы 8-июлда Чоң-Таш айылында "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси курулган. Бул Кыргыз жериндеги Сталиндик режимдин курмандыктары үчүн орнотулган жалгыз эскерүү жайы болуп саналат.

Кийинки суроо


1991-жылы 31-августта
2000-жылы 8-июлда
2010-жылы Апрель окуясынан кийин

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(12)
08.07.2017. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
100 балл, 13суроону так билет элем.Экөөсүнө мээмди иштеттим.Билбеген суроолор бча китеп бетин карап коюш керек экен.Болот Абдырахманов бча такыр маалыматым жок экен.
08.07.2017. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
67 балл. Кыргыз адабиятты жакшы эле окучуумун не болгон мага((((
08.07.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aika2015,бирок бул адабиятка тиешеси аазыраак.Тарых окуш керек эле.
Меники 94 балл.14-суроонун жообун таппай калдым.
08.07.2017. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74 балл. Бул да болсо жакшы жыйынтык. Мектепте окуп жүргөндө класс жетекчим тарых мугалими эле. Ошол эжекемдин салымы чоң. Ата-Бейит, Бурана мунарасынын тарыхый окуяларын ошол жакка алып барып тааныштырган. Бул тестке жооп берип жатып, көргөндөрүмдү, уккандарымды эске салып таптым окшойт.
08.07.2017. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74
09.07.2017. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74 болду
09.07.2017. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80
09.07.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ехуу меники 60 эле болуп калды
09.07.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100
01.08.2017. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74
10.08.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
27
25.11.2017. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: