super.kg logo

Бишкекте "Манас" фестивалы башталды

 
Бул шөкөттөлгөн боз үйдүн ичинде кызуу манас жаңырууда
Ар бир аймактан түз эфир башталгыча төкмө акындардын өнөрү тартууланууда
Оператор иш үстүндө
Манасчы Сапарбек Касмамбетов өнөрүн көргөзүүдө
Колуна бүркүт кондурган бул мырзалар фестивалга конокко келишкен
Колуна бүркүт кондурган бул мырзалар фестивалга конокко келишкен
Улуттук нарк. Боз үйдүн сыртында тайган байланып турат
Колуна бүркүт кондурган бул мырзалар фестивалга конокко келишкен
Режиссёр жана оператор иш үстүндө
Манасчы менен төкмө акын өз ара баарлашууда
Кытайлык манасчы Асанаалы Калил уулу аксакалдар менен учурашууда
Дастаркон жаңыдан жайылып баштады
Кыздар дастаркондун үстүн даярдоо менен алек
Нукура кыргыз дасторконун көөкөрсүз элестетүү кыйын
Ысык чай сунулуп, манасчылар баарлашканга жетишишти
Манасчы Кубанычбек Алмабеков кызуу манас айтууда
Оператор иш үстүндө
Кытайдан келген кыргыз Асанаалы Калил уулу манасты кызуу айтууда
Боз-үйдүн ичинде жаа жебеси менен да илинген
Казакстандан келген Баянгалый Алимжанов манас айтууда
Оператор иш үстүндө

18-майда Бишкекте ЭлТР телеканалында эл аралык деңгээлде “Манас” фестивалы башталды. Саат 10:00дөн баштап кечки саат 00:00гө чейин түз эфирде 18 манасчы өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы.  

 

Иш-чарага карата атайын боз үй тигилип, колдоруна бүркүт кондуруп отурган манасчылар дасторкон үстүндө кенен баарлашып алганга да үлгүрүшөт экен. Айтор, манасчылар буркан-шаркан түшө турган жай нукура улуттук колоритте жасалгаланыптыр. Ар бир облус менен болгон түз эфир башталгыча ак таңдай акындар алтын сөздөрүн төгүп да жатышты. Манасчылар Бишкектен сырткары Талас жана Ош облустарынан түз эфирге чыгышып, теле көпүрө катары фестиваль уланууда. Ал эми уюштуруучулардын бири, манасчы Рысбай Исаков фестивалга жалаң элге төбөсү көрүнүп калган, такшалган манасчылар катышып жатканын билдирди.  

 

Эртең, 19-майда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда саат 15:00дө фестивалдын жыйынтыгы чыгарылып, катышуучуларды сыйлоо аземи болот. Учурдан пайдаланып демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз. Бул иш-чаранын максаты - "Манасты" элге жеткирип, манасчылардын жана элдин черин жазуу”,- дейт Исаков. 

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: