ЖЫЛНААМА, 10-ИЮЛЬ: "Марстагы жашоо" сериалынын каарманы Жон Симм 47 жашка толду
Жон Симм


Жон Симм

Актёр жубайы жана уулу менен
Англиялык актёр Жон Симм 47 жашка толду. Ал 1970-жылы 10-июлда Англиянын Лидс шаарында туулган. Атасы музыкант болгондуктан кичинекей кезинен гитара ойногонду үйрөнгөн. 12 жашынан тарта сахнага чыгып, гитара чертип жүргөн. Кийин музыка аны кызыктырбай турганын түшүнүп, актёрлук кесипке ыктай баштайт.
Жон Симм актёр катары 1992-жылы дебют жасап, кийин “Диана жана мен” , “Кылмыш жана жаза”, "Кутурган иттер" жана башка тасмаларга тартылган. Атактуулукту “Марстагы жашоо” фантастикалык телесериалы алып келген.
Актёр 2004-жылы Кейт Магован аттуу актрисага үйлөнүп, учурда Райан Симм деген уулдун жана Молли Симм аттуу кыздын атасы.
10-июлдун жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.