super.kg logo

Google компаниясы робот-журналисттерди чыгарууга 800 миң доллар бөлдү

 

Google Digital News Initiative программасы англиялык The Press Association маалымат агенттиги өндүрүп жаткан Reporters and Data and Robots (RADAR) аттуу долбоорго 800 миң доллар каражат бөлдү. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.

Долбоордун максаты интернеттен чогултулган маалыматтардын негизинде макала жазган робот-журналисттерди бириктирүү болуп эсептелет. Алдын ала берилген маалымат боюнча, 1 жылдын ичинде робот-журналисттер 30 миң макала жарыялашары күтүлүүдө. Азырынча долбоордун алкагында 5 киши иштеп, роботтордун медициналык, саясий, кырсык тууралуу маалыматтарды автоматтык түрдө чогултуу жөндөмүн өөрчүтүшүүдө.

Долбоор кийинки жылы жүргүзүлүп баштайт. Ал интернет басылмаларга кызыктуу макалаларды чыгарып, кошумча окурмандарды алып келерин айтат The Press Association агенттигинин редактору Пит Клифтон.

"Тажрыйбалуу журналисттер жумушсуз калбайт, роботтор жөн гана макалалардын көлөмүн көбөйткөнгө салым кошот", - деген Пит Клифтон.

Учурда айрым басылмаларда роботтор иштегени менен, аларды көзөмөлдөөчү редактор керек. Себеби алардын программалары тамаша же жалган маалыматтарды аныктай албайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.07.2017. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Robottor baryp oturup but kyzmattardy kyla bashtait okshoit
10.07.2017. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакында баарыбыз жумушсуз калат окшойбуз.
10.07.2017. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Менин сайтымда дагы роботтор бар болчу.
07.10.2017. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бара бара адам озу чыгарган техниканы озу башкара албай калып дуйнолук 3 согуш адам менен техниканын ортосунда болот деп окуган элем. Эми ишене баштадым
muni.98-98 түзөттү 2017-10-07 22:06:40
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: