super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 12-ИЮЛЬ: "Сахнанын ханышасы" Таттыбүбү Турсунбаева көзү тирүү болгондо 73 жашка чыкмак

 

Театр жана кино актрисасы, КРнын Эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы 12-июлда Нарын облусунун Чаек кыштагында төрөлгөн.

1960-жылы 16 жашында "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмада дебюттук ролун аткарган.

17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы институтунун "Драма жана кино актёру" факультетине тапшырган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген.

Театрда дүйнөлүк жана советтик классиктеринин чыгармалары боюнча сахнага 30дан ашуун эстен кеткис образдарды алып чыккан: Жульетта ("Ромео жана Жульетта"), Амелия ("Бернарда Альбанын үйү"), Фелисьяна ("Бий мугалими"), Асел ("Делбирим"), Анвар ("Фудзиямадагы кадыр түн") жана башкалар.

Таттыбүбү Турсунбаева Кыргыздын эл сүйгөн эң атактуу актрисасы. Анын сулуулугу бүткүл элди суктандырган. Аны "сахнанын ханышасы" деп да аташкан. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, ролдорун жеткиликтүү аткарган. "Ак Мөөр" фильминен соң "Соң-Көл чүрөгү" деген атка конгон. Тилекке каршы, анын өмүрү кыска болгон. Ал 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында дүйнөдөн кайткан.

12-июлдун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.07.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агасы Нуркан Турсунбаев жолугушууларда ыйлап айтып журот.Киши колдуу болгонун,ал эжелер азыр тируу журушот деп.Ордуна наам алып,Таттыбубуну эскермек тугул,жамандап журушот.
12.07.2017. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anucha, Ким экенин билсе эмнеге ушул кунго чейин ошолордун озуно доказать этпеди экен анда. кызык экен да озу бул дуйно.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: