super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 12-ИЮЛЬ: "Ва-банк" сериалынын башкы каарманы, Түштүк кореялык актёр И Бёң Хон туулган

 

2003-2004-жылдары "Ва-банк" сериалын көрбөгөн киши чанда кездешсе керек. Мына ошол тасмада башкы ролду жараткан Түштүк кореялык актёр И Бёң Хон 1970-жылы 12-июлда Сеулда төрөлгөн. Актёрдун атасы бизнесмен болгон. Үй-бүлөсүндө И Бёң Хондон тышкары карындашы Ли Ын Хи дагы коомчулукка таанылып, 1997-жылы "Мисс Корея" титулуна ээ болгон.

Актёр мектепти аяктаган соң Ханян университетинин француз адабияты адистигин окуп бүтүргөн. Андан соң Чунан университетинин "Театр жана кино" бөлүмүн аяктап, ушул жаатта өзүн табат. И Бёң Хон “корей толкунун” жараткан “Ва-банк” сериалынан тышкары "Айрис" сериалына, "Ар кимдин өз сыры бар" ("У каждого есть секреты" 2004), "Ачуу жана таттуу" ("Горечь и сладость" 2005), "Жакшы, жаман жана оорукчан" ("Хороший, плохой, долбанутый" 2008), "Кобранын секириги" ("Бросок кобры" 2009), "Мен азезилди көрдүм" ("Я видел дьявола" 2010) жана башка көптөгөн белгилүү тасмаларда роль жараткан. И Бёң Хон бир гана актёр эмес, ырчы катары да таанымал.

Актёр 2013-жылы Ли Мин Чжон аттуу актрисага үйлөнүп, экөө 2015-жылы бир уулдуу болушкан.

12-июлга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: