super.kg logo

Нурмат Садыров: "Жакшы көрөм" деген сөздөрдөн кийин кантип кыз жандуу болбой коёсуң"

 

15:00. Популярдуу ырчы Нурмат Садыровдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталды. Ал телеалпаруучулардын "ойготуучу" 20 суроосуна жооп берип жатат.

15:06. Ырчы жаңы тартылган "Кыргызымдын кыздары" клибинин кандай шартта тартылгандыгын айтып берүүдө.

15:09. Ырчы окурмандардын суроолоруна жооп берүүдө. "Жашың 30га келип калды, качан үйлөнөсүң?" - деген суроого ал: "28 жаштамын, 30га чыга элекмин (күлүп). Азырынча сүйлөшкөн кызым жок. Кыздарга убакыт бөлүп, 2 күндүн биринде чалып туруш керек. Мен убакытымдын баарын чыгармачылыкка арнап жатам", - деп жооп берди.

15:12. Ырчы күйөрманынын "Кыз жандуусузбу?" - деген суроосуна төмөндөгүчө жооп берди.

"Эркек эркектерге жакын болгондон көрө кыз жандуу болгон жакшы го (күлүп). Суроо чыгармачыл адамдардын баарына тиешелүү экен. Күйөрмандарымдын 80 пайызы кыздар. Социалдык тармактарда 200гө жакын фан-баракчам бар. Ал жакка кирип кыздар менен учурашып турам. Бир дагы күйөрманымдын көңүлүн калтыргым келбейт".

15:17. Окурман "Торгоюмдагы" кыз менен Нурлан Насип Асел Кадырбекова менен урушуп жүргөндө сүйлөшүп, ошондо тааныштырган дешет, чынбы?" - деген суроо берди.

Ага ырчы: "Асел менен Нурландын өз иши, ал жагын билбейм. "Торгоюмдун" клибине тартылчу кызды кастинг аркылуу тандап баштаганбыз, бирок эч ким аткара алган жок. Башкы каарманды клипмейкер Эрнист Сыдыков социалдык тармак аркылуу таап, сунуштап, макулдугун алган", - деп жооп берди.

15:20. Колдонуучунун "Ырчы болуп кандай байлык топтой алдыңыз?" - деген суроосуна мындайча жооп берди:

"Эң биринчи байлыгым - күйөрмандарым, ырларым, клиптерим. Эки куржунум бар, биринде ырлар, экинчисинде клиптерим. Аларды күйөрмандарыма тартуулап турам. Байлыктын түбүнө эч ким жеткен эмес".

15:23. Суроо: "Муштум менен көйгөй чечип көрдүңүз беле?"

Ырчынын жообу: "Ар бир адамдын кыял-жоругу бар. Мен мушташа тургандай чөйрөдө эмесмин. Акыл-эске салып, сөз менен жайгарууга аракет кылам".

15:25. Ырчынын "Кыргыз кыздары" аттуу жаңы клиби көрсөтүлүп жатат.

15:30. Ырчы "Кандай кыздар жагат?" жана "Кандай кыздар жакпайт?" деген суроолорго кезеги менен алфавиттин ар бир тамгасынан башталган жоопторду узатып жатат.

15:34. "Мурдагы сүйлөшкөн кызыңыз Сайкал менен мамилеңиз барбы?" - деген суроого ырчы: "Сайкал кесиптешим, жакшы мамиледебиз. Адамдын жакшы мамилесин эч качан четке какпаш керек. Ал күйөөгө тийсе, сүйүнүп кызмат кылам. Ал мени сыйлап жакшы көрөт", - дейт.

15:37. Окурмандын: "Келинчегиңе калың топтодуңбу? Канча бересиң? Жубайыңдын ачык кийинишине каршы болосуңбу?" - деген суроосуна ырчы: "Сүйлөшкөн кыз таба элек жатып калыңды кайдан топтойм (күлүп). Кийин сүйүктүүм менен мамилем бекемделген кезде калың топтой баштайм. Жубайына узунураак кий деп айтып коюу - эркектин милдети деп ойлойм", - деп жооп берди.

15:41. "9-класста окуп жүргөндөн баштап эки жыл бир кыз менен сүйлөшкөм. Ал күйөөгө тийип кеткенде "Мен сүйгөн менен пайда жок" деген ырым жаралган", - дейт ырчы.

15:46. Ырчы "Жан апа" чыгармасын комуздун коштоосунда аткарып берди.

15:55. "Сизди кара куурай чегип, милицияга кармалган деп уккам. Ошол окуяны кантип чечтиңиз эле?" - деген суроого ырчы: "Мындай жаман иштерден алысмын. Кудай берген ырыскыны жакшы жакка колдонууга аракет кылам", - деп жооп берди.

16:00. "Болочоктогу жубайыңыз кыздар менен ырдабайсың десе эмне кыласыз?" - деген суроого ырчы: "Мен, биринчиден, менин чыгармачылыгымды сыйлаган, түшүнгөн кызга үйлөнсөм дейм. Чындап түшүнгөн кыз болсо, үйлөнүп алгандан кийин антпейт болуш керек. Кыз кезинде баары жакшы дешет, сүйлөшүп жаткан кезде "айтканыңды кылам" деп коюп, кийин ошентсе билбейм анда. Мени сыйласа, чыгармачылыгымды түшүнөт. Шоу-чөйрөсүндөгү кыздарга үйлөнбөйм дебейм. Мага айырмасы жок, болочоктогу жубайым жөнөкөй эле карапайым кыздардын арасынан же күйөрмандарымдын арасынан болушу мүмкүн", - деген жообун узатты.

16:03. Колдонуучулардын бири ырчыга: "Сизди көргөндө эрий түшөм, жакшы көрөм. Сиздин ырларыңызды укканда экөөбүздүн чогуу болгонубузду кыялданам", - деген билдирүүсүн жиберди. Анда ырчы: "Көптөр мени кыз жандуу деп ойлойт. Күйөрмандарым мага ушинтип сүйүүсүн билдирип, "жакшы көрөм" деп жатса, кантип кыз жандуу болбой коёсуң. Мен да эрип кетем мындай сөздөрдү укканда", - деп жооп берди.

16:05. Күйөрманынын "Канча кыздын этегине "оонадыңыз" эле?" - деген суроосуна ырчы: "Анчалык аша чапкан адам эмесмин. Шоу-чөйрөсүндө жүрөм, тескерисинче, канча кыз менен таанышсам, ошончо жаманатты болорумду билем. Кыздарды алыстан эле тааныйм. Мени сыйлаган адам болсо менин дарегиме жаман сөз айтпайт деп ойлойм. Кыздарга туура эмес мамиле кылган эмесмин", - деп жооп берди.

16:10. Окурман: "Гезиттен мурда "Нурмат Садыров кыз зордуктоо боюнча айыпталды" деген макаланы окудум эле. Бул боюнча өзүнүн оозунан уккум келип жатат", - деген суроо узатты.

Ырчы: "Кудай сактасын. Андай болгон эмес", - деген жообун айтты.

16:15. Ырчы алпаруучулар даярдаган оюнга активдүү катышып берди.

16:33. Нурмат Садыров күйөрманынын суранычын аткарып, досуна чалып, карыянын образында сүйлөштү.

16:35. Ырчы өзүнө берилген суроолордун ичинен кызын ага турмушка бергиси келген окурмандын суроосун оригиналдуу деп таап, ага белегин таштады.

16:38. Ырчынын түз эфирдеги маеги жыйынтыкталды.


кошулду





Нурмат Садыров: "Ал күйөөгө тийсе, сүйүнүп кызмат кылам"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(23)
12.07.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы Нурмат байке сизге суроом томонкучо:сулуулука кызыгасызбы?
12.07.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Логикалык суроого кандайсыз? эки сегиз бир тогуз кантип болот он тогуз
12.07.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурмат ишине ийгилик бекем ден солук мен дагы сага окшоп ырдагым тойлоырдагйммрдо ырдайм озун менен кошо алып журбойсунбу колдон келсе рахмат
12.07.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sapatsuz urlarun chuharmachuluk dep aluptur go ozyncho ele
13.07.2017. 07:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Izdeim_seni., ото бир ката кетирдиниз бардык ыры жакшы
12.07.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экинчи суром кошосунбу нурмат
12.07.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энене тартуу кылган сюрприз, кубанткан учурлар болгонбу?
Aygul777 түзөттү 2017-07-12 15:25:55
12.07.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам, Нурмат.
1) Эл аралык сынактарга катышуу оюң барбы?
2) Эмгек сиңиген артист наамын дагы канча жылдан кийин алам деп ойлойсун (болжол менен).
3) Жакында президенттик шайлоо, сага үгүттөө иштерине эки талапкер сунуш кылды. Бири сен сыйлаган, көңүлүңдөгү талапкер, экинчиси сен жакшы билбеген талапкер, бирок экинчиси көбүрөөк акча сунуштады.. кайсынысына барасың?
12.07.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анегдот айтып беринизчи,болушунча карыянын образында,
SUPER.KG видео
12.07.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Салам нурмат кызыкту окуяанда айта кетчи
Медиа-портал
12.07.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ассалому алейкум Нурмат байке тойлорго көп барасыз бир күндө эң көп канча тойго баргансыз
12.07.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгүл гүлү ырыңыз аябай жагат. Ошонун үчүнчү куплетин ырдап бериңизчи
12.07.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам .
1. Кофе же чайбы ?
2. Кайсы маалымат каражат компаниясын коп угасын жана ишенесин ?
3. Эн биринчи берген интервьюн эсиндеби мумкун болсо эстеп айтып берчи .
SUPER.KG видео
12.07.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу супер инфо жамааты,сиздердин эфирден шайыр жеңе Гүлбү Ороскул кызын көргүм келет.
12.07.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нуриза Абазова,Тынай Алыбаев Мухтар Атаналиев Кудайберген Кутуевден интервью алгылачы, Кечээ Маликанын ишинде бир эле Динара эже байкуш акча издеп чуркады,Абдималик Шерматов эмнеге ун катпады?Ата кыйын кезде кол сунуш керек го.Интервью алсанар.
12.07.2017. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
meni_kut, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
12.07.2017. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janduu un menen BIR yrdy yrdap berinizchi
12.07.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Салам Супер Инфо Эмнеге Максат очки тагып алганын суранызчы сизге толук тушундуруп берсин
12.07.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвадан салам москвага качан концерт койуп келесиздер
12.07.2017. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгул гулу ыры кимге арнадыныз эле???
12.07.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nazi_92,Аны Мамажан Козубаевден сурасан айтып берет
13.07.2017. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anucha, :)
14.07.2017. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
андай нерседен алысмын дейт го.восток5.балкон.помнишь?,,,,,,,,,,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: