Орусиялык актёр Сергей Бездушный дүйнөдөн кайтты
Сергей Бездушный

Орусиялык белгилүү актёр Сергей Бездушный кечээ, 12-июлда дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын уулу Филипп социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
“12-июль күнү саат 12:30да залкар адам дүйнөдөн кайтты. Белгилүү актёр, кең пейилдүү ата Бездушный Сергей Васильевич эми биздин арабызда жок. Ал жан алган оору менен аягына чейин алышууга аракет кылды”, - деген билдирүү калтырган.
Белгилүү болгондой, актёр 53 жаш курагында катуу оорудан улам каза болгон. Дарыгерлер мындан бир канча жыл мурун анын баш сөөгүндө шишик бар экенин аныкташып, 2013-жылы операция жасашкан.
Актёр “Глухарь”, “Ранетки” сериалдарындагы ролдору менен таанымал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.