Кыргыз ССРинин Эл артисти Мустафа Ахунбаев дүйнө салды

Бүгүн, 17-июлда Кыргыз ССРинин Эл артисти Мустафа Ахунбаев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.
Ал 1935-жылы 12-мартта жарык дүйнөгө келген.
1956-жылы Москвадагы мамлекеттик консерваторияга тапшырып, 1961-жылдан тарта Кыргыз опера жана балет театрында эмгектене баштаган. Кийин режиссёрлук менен алектенип, “Тихий Дон”, “Евгений Онегин”, “Курманбек” жана башка бир топ шедеврлерди койгон.
Анын маданиятка кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз ССРинин Эл артисти наамдары ыйгарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Жаткан жери жайлуу болсун...