super.kg logo

"Жолдошума үйлөнсөң, мага үйлөн дегем" дейт Каныкей

 
Ырчы алып баруучулар даярдаган оюнга катышууда

Бир нече мүнөттөрдөн соӊ “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" наамынын ээси, “Түрквизион-2011” эл аралык музыкалык фестивалынын катышуучусу жана "Түрксой" уюмунун "Нооруз-2011" фестивалынын лауреаты, белгилүү ырчы Каныкейдин SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып суроолоруңузду узатып, жооп алсаңыз болот. Мааниси окшош, кайталанма суроолор конокко узатылбайт. Кызыктуу суроо берген окурмандарды атайын даярдалган белектер күтөт.

15:00 Ырчы Каныкейдин SUPER.KG`нин түз эфириндеги маеги башталды.

15:05 Ырчы алып баруучуларга кийинүү стили жана иштешкен стилисттери тууралуу айтууда.

15:10 Суроо: Төрөттөн кийин кантип салмак таштадыңыз?

"Төрөттөн соң 10 килограммга семирип кеттим. Бирок арыктоого эч аракет кылган жокмун. Табиятымдан окшойт 1 жылдан кийин кайра эле калыбыма келип калдым".

15:15 Окурмандын "Үнү жок, өзүн ханыша сезген ырчы айымдарга карата сын айтып коюңузчу", - деген өтүнүчүнө, "Мен адамдарды бөлө албайм, ар бир адам таланттуу" деген жооп узатты. Ошондой эле ырчы сулуулук тууралуу айтып жатып, косметиканы сахнага чыкканда эле колдонуп, күнүмдүк турмушта дээрлик боёнбой турганын айтты.

15:25 Каныкей жолдошу менен 19 жашында таанышканын жана ал кезде ырчы таптакыр таанымал эмес экенин айтып жатып, жолдошу идеалдуу эмес экенин, бирок терс сапаттары жок экенин кошумчалады.

"Жолдошум "үйлөнүүгө убакыт келди" дегенде, "үйлөнсөң мага үйлөн" деп өзүм биринчи сунуш киргизгем. Жыйынтыгында мен бактымды таап, жолдошум экөөбүз өмүр жолун кол кармашып бирге улантып кеттик", - деди ырчы.

15:30 Ырчы үй-бүлөсүндөгү оор сыноолорго да токтоло кетти.

"Бардык нерсе буйруктан болот экен. Жаңы турмушка чыгып, кош бойлуу болгон кезимде боюмдан түшүп калган. Ал учурду абдан кайгыруу менен эскерем. Азыр баары жакшы. Татынакай Алимбек аттуу уулум бар", - дейт ырчы.

15:35 Суроо: Актёрлук талантыңызды көрсөтүп, Хюрремдин образын аткарып бериңизчи?

"Менин актёрлук талантым жок. Бир жолу Эльдияр Кененсаров айылдык кыздын образын аткарып берүүмдү суранган. Аны таптакыр эле аткара албай, аябай уят болгом", - деди ырчы.

15:40 Ырчы жандуу үн менен "Садагам" аттуу ырын, андан соң окурмандын суроосу боюнча куурчактын образында "Куурчак" аттуу ырын аткарып берди.

15:45 Суроо: Сизди мусулман эмес дешет. Эгер чын болсо кайсы динди тутунасыз?

"Анда биз Америкада жүргөнбүз, Хеллоуин майрамына карата, майрамдык шаан-шөкөт менен эле образ үчүн, сүрөткө табытка жатып түшүп койгом. Кыргыздын каада-салтын сактаган, мусулман кызымын. Байкасаңыздар, жанатан бери "Кудай буюрса", деп Кудайды кошуп эле сүйлөп жатам го", - деди ырчы. Ошондой эле хиджаб кийип, жоолук салынып жүргөндөргө түз көз карашта экенин билдирди.

15:50 Ырчы алып баруучулар даярдаган оюнга катышууда.

16:00 Суроо: Кыргыз ырчыларынан кимдин ырларын угасыз?

"Чынын айтсам такыр сыналгы көрбөйм. Үналгыдан чет элдик гана радиолорду уккандыктан, кыргыз ырчыларынын ырларын укпайм", - дейт ырчы.

16:05 Суроо: Байкеңиз бар экенин билебиз, эмнеге социалдык тармактарга анын сүрөтүн жүктөбөйсүз? Мамилеңиз оорбу?

"Кудай сактасын, болгону жалгыз байкем болсо аны менен кантип сүйлөшпөй коймок элем? Болгону мен социалдык тармакка үй-бүлөмдү аралаштыргым келбейт. Ал эле эмес апамдын сүрөтүн да интернетке киргизбейм", - дейт ырчы.

16:08 Суроо: Кайын журтка таарынып, төркүнүңүзгө кетип калган учур болду беле?

"Жок, Кудай сактасын, андай боло элек. Катуу уруша элекпиз. "Таарынып, кетип калды" деген нерсе туура эмес. Казак-аяк кагышат, бирок адамдар көтөрүмдүү анан чыдамдуу болуш керек", - деди Каныкей.

16:10 Суроо: "Мен обу жоктоно берем" дечү элеңиз, үй-бүлөлүү болгон соң көз карашыңыз өзгөрдүбү?

"Crazy" деп коёт го, ал жиндилик эмес. Шоктук сыяктуу эле ар бир адамда обу жоктук бар. Азыр менде деле ошондой өнөрүм бар. Менде эле эмес, баарыңарда мындай сапат бар", - дейт күлүп.

16:12 Суроо: Социалдык тармакка ырчы Анжелика менен түшкөн сүрөтүңдү илдиң. Айчүрөк Иманалиева экөөнүн чуусуна кандай көз караштасың? Экөөнүн кимиси менен жакшысың?

"Ар бир адам менен сый мамиледемин. Интригалардан алыс жүргөнгө аракет кылам. Чынын айтсам, билбейм. Көзүм көрбөгөндөн кийин, тактап бере албагандан кийин комментарий берүүдөн алысмын", - деди ырчы.

16:15 Каныкейдин аткаруусундагы "Кара чаң" ырынын клиби көрсөтүлдү.

16:20 Окурмандын суроосу боюнча жандуу үн менен "Күйдүм чок" ырын аткарып берди.

16:25 Суроо: Шакирттерди таптоого планыңыз барбы?

"Жок, уят эмеспи. Өзүм жаш кыз болуп туруп, ырчы болом дегендерге сабак өтөм десем туура эмес болуп калат. Мен анте албайм, убагы келе элек", - дейт ырчы.

16:28 Суроо: Ашканада кандай кожойкесиз?

"Аябай начар кожойкемин. Апам ашпозчу болгондуктан дайыма өзү жасап жүрүп, мен ошого көнүп калган окшойм. Учурда бир гана этти сууга салып, Нарындын бешбармагын жасаганды билем. Жолдошум менден бетер, ашканага таптакыр жолобойт", - деди ырчы.

16:30 Ырчы "Носонте" ырын аткарып, SUPER.KG`нин түз эфириндеги маегин жыйынтыктады.


кошулду





Каныкей: "Интригалардан алыс жүргөнгө аракет кылам"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(28)
19.07.2017. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келечекте озунуздун мыкты кайнене болорунузга ишенесизби?
19.07.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Саламатсызбы? Жети Атанызды атап бере аласызбы?
19.07.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каныкей эже мен сизге жон эле бакыт каалайм!
19.07.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Саламатсызбы Каныкей эже кандайсыз сизге суром Хатико тасмасынын коргонсузбу жана ошол тасмадагыдай ит болсо Сиз алат белениз
19.07.2017. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандайсын Каныкей сага суроом мындайча. Сахнага жаны чыкканда стилин башкача болчу азыр башкача себеп эмнеде
19.07.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каныкей эже кандайсыз,мен сизди аябай сыйлайм озгочо стилиниз жагат ,ананда унунуз ото керемет ,сизге суроом:киного тартылгыныз келеби сунуштар болдубу?
2:уй булонуз жонундо айтсаныз уулунуз тууралуу,Жана жандуу унунуз менен ырдап берсениз баткенден Азизбек Нуриза Мырзахмат
19.07.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсызбы? сиздин актерчулук чеберчилигинизди коргум келип турат. Хюрремди жана Золушканы туурап беринизчи узундулорунон.
19.07.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саламатсызбы.Уулунузду биринчи жолу колунузга алганда кандай сезимдер болду жана кандай ойлор келди?
19.07.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей кыргыз шоу бизнестеги сахналаштардын кимиси менен мамилеӊ жакшы? Санап берчи? Кечээ Анжелика менен сүрөттөрүӊ илдиӊ учурда дүӊ болгон Айчүрөк эже менен Анжеликанын ортосундагы ызы чууну кандай баалайсыӊ? Коомго талкууга чыгып кеткенин? Сен Анжеликага кандай кенеш сөзүӊ айттыӊ? Айчүрөк эже менен мамилеӊ жакшыбы же Анжеликабы?
19.07.2017. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мм кыргыз ырчыларын укбасан кыйратыпсын.
19.07.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей, саламатсызбы.
Ырчылык карьераныздын башында альтернатив рок менен баштабадыз беле, азыр дагы планынызда барбы рок жанрында ырдоо?
19.07.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жообунузга рахмат!Абдан шайыр,жонокой адам экенсиз,бактылуу болунуз!
Чыныгы уну менен эл алдында ырдабаган,фонограмма менен ырдагандар элди алдаган болобу?же туура элеби?
Себеби дуйнолук ырчылар коп учурда фонограммасыз ырдашат.
19.07.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат Супер,азыркы онлайн маек кызыктуу жакшы болуптур,суроолорубуз катары менен окулду.Эми биз да кызыгып биринчилерден суроо берип калалы деп турабыз!!!!
19.07.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Супер инфо!ырчы чоорчулардан эле интрвью ала бербей,карапайым элдерден да интерьвю алгылачы.
19.07.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nurbekasr, кимди чакырат карапайым, эл тааныбаса кимге кызыгы бар?
19.07.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Каныкей эженин чыгармачылыгын аябай баалайм, жана дагы жонокойлугу, турмушка болгон коз карашы менен копчулуктон айырмаланат. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм!
19.07.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызыл очки кара помада.....Ужас кинодогу главный дагы эмес эпизоддогу каарман))))
19.07.2017. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Как же я ее обожаю. Говорит как есть, реально и конкретно. Мне больше нравится ее образ в 2008-2011гг. Но тот образ уже не для нее, не для семейной женщине. Как она сама говорит нужно послушаться и мужа, уважать его идеи
19.07.2017. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Уулум дебей уулубуз бар дейбейсинби де сен озун жасап алдынбы же озун тууп алдынбы акыры ээрин туудургандыр сени
19.07.2017. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул эч жакпайт мага. Ону сууукго ее достор?
19.07.2017. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
byl jerde yshakchu jana sun takkandar jalan erkekter. iybka ele kiip alsanarchy. Kanukei,ydachi tebe.
19.07.2017. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка кыз интервью алып калганго) ХХХ)) молодец ийгилик
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-20 09:30:11
20.07.2017. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pixduel1, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
19.07.2017. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат жасалмаланбай жакшы суйлопсун болушун ушундай окшойт
20.07.2017. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдошуң албаса мен алат болчум ушу кызды,жагат мага ушу ырчы ырлары үнү сүйлогонүда орундуу.
20.07.2017. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кыз мага да жагат, бирок бугун помадасы жакпады и очки тоже.
Медиа-портал
20.07.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Сонун, ар бир ырчыбыз ушундай ырдай алса кана. Жакты, кайра -кайра ырларын уккандан тажабайсын. Азамат кыз!
SUPER.KG видео
24.07.2017. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Каантип угасынар ушу кызды мен таптакыр тушунбойм эмне деп жатканы тушунуксуз обу жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: