super.kg logo

Сүрөткө бир позада көп түшкөн ырчы кыздар. Айымжан камераны көргөндө кол жаңсай берсе, Асел Кадырбекова башын кармап сүрөткө түшүүнү адатка айланткан

 

Коомдо социалдык тармактардын кенен жайылуусу менен көптөгөн адамдарды жакындан тааныбасаң да, анын жашоо-турмушу, күнүмдүк кылган нерселери жана жүктөгөн сүрөттөрүнө карата көнүмүш адаттарын билип алуу мүмкүн. Шоу-бизнестин чырай жүздүү жылдыздарынын арасынан сүрөткө бир позада көп түшкөн сулууларга байкоо салып көрөлү.

Ырчы Асел Кадырбекованын көпчүлүк сүрөттөрүн байкасаңыздар бир колун өйдө көтөрүп, башына тийгизип түшөт. Мунун себебин ырчы төмөндөгүчө түшүндүрүп берди.

"Чынын айтсам, сүрөткө түшөрдө бул нерсени көп байкабайм. Анткени сүрөткө бир эле эмес, бир канча түрдүү образ менен түшөм. Бирок социалдык тармакка жарыялаганда, ушинтип түшкөн сүрөттөрүм басымдуулук кылып коёт экен. Мен муну кемчилигим катары кабыл алып, кийинки сүрөттөргө башкача түшкөнгө аракет кылайын", - дейт ырчы күлүп.

Асел Кадырбекова

Ал эми жаш ырчы Аяна Касымова Асел Кадырбековадан бир аз гана айырмаланып, сүрөткө колдору менен чачын кармап түшүүнү адатка айланткан.

Аяна Касымова

"Түрквизион-2015" сынагынын жеңүүчүсү, жүргөн жеринде шаң коштолгон Жийдеш Идирисова күйөрмандары менен ар дайым шайыр маанайдагы сүрөттөрүн бөлүшүп келет. Алардын көпчүлүгүндө ырчы баш бармагын көрсөтүп, ал гана эмес жанында сүрөткө түшкөн адамдарды да бул нерсеге үйрөткөн.

"Бул "жакты", "баары жакшы" деген белги. Мен сүрөткө түшкөн кезде маанайым жакшы болсо сөзсүз түрдө ушул белгини көрсөтүп түшөм. Эгер мындай сүрөттөрүм көп болсо, демек, менде баары жакшы", - дейт ырчы бул тууралуу.

Жийдеш Идирисова

Ал эми "Non-Stop" дуэтинин солисти Чолпон Талипбекова башкалардан айырмаланып, колун чөнтөгүнө салып сүрөткө түшкөндү жактырат. Ырчынын мындай сүрөттөрүн чөнтөгү бар кийимдеринин дээрлик баарынан байкоого болот.

Чолпон Талипбекова

Актриса жана ырчы Асема Токтобекованын баракчасына көз чаптырсаңыз өзүн-өзү тарткан сүрөттөрдүн көбүндө жаагын таянып түшкөнүн көрөсүз. Бирок ырчы өзү муну байкабаганын айтат.

"Мен сүрөттөрдү кайда, эмне менен алектенип жатканымды билдирүү үчүн гана жарыялайм. Ал эми түшөрдө атайын даярданып, бир кыймыл-аракетти кайталабаганга аракет кылган эмесмин. Ачыгын айтсам жаагымды көп таянат экенимди өзүм байкабаптырмын, бул мен үчүн чоң жаңылык болду", - дейт күлүп.

Асема Токтобекова

Жаш ырчылардын катарындагы Айдана Деканын сүрөттөрүнүн ичинен камераны эмес, ылдыйды карап, бир чекитти тиктеп турган фотолор көп кездешет. Ырчы мунун себептери көп экенин айтып берди.

"Камераны карабай сүрөткө түшүүмдүн биринчи себеби назиктикти, уялчаактыкты бергим келгенинде. Менимче, ылдыйды карап туруу - камерадан уялып, жүзүн жашырып алган назик айымдардын образы. Экинчиден, эгер мен бир кооз жерге барып, ошол кооздукту элге көрсөтүүнү кааласам элдин көңүлү менен жүзүмө эмес, артымдагы фонго бурулушу үчүн жерди карап түшөм. Үчүнчүдөн, дүкөндөн кооз кийим алып, аны окурмандарыма сунуштагым келсе да дал ушул образда сүрөткө түшүүнү туура көрөм", - дейт ырчы.

Айдана Дека

Образын бат-баттан алмаштырып, чачына эксперимент жасоодон тажабаган ырчы Айпери Кубик кызынын белин кармап же бөйрөгүн таянып түшкөн сүрөттөрү басымдуулук кылат. Бул тууралуу ырчы төмөнкүлөргө токтолду.

"Белимди таянып түшкүдөй кыйраткан деле фигурам жок. Болгону фотосессия жасоо учурунда фотографтар кантип түш десе ошентип түшөм. Өзүм сүрөт үчүн атайын кыймыл-аракет ойлоп таппайм, кандай турсам ошол боюнча эле түшө берем", - деди ырчы.

Айпери Кубик кызы

Ал эми Айым Айылчиеванын сүрөткө түшөрдө кол жаңсап же колдорун көтөрүп алмай адаты бар. Муну ырчынын апасы тастыктады. Анын айтымында, кызы камераны көрсө эле кол жаңсай берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(18)
20.07.2017. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Асел Кадырбекова
20.07.2017. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Оозун ордоктун оозундай кылып тушкондорду чыгарбайсынарбы же баары ошентип тушуп калышканбы.
20.07.2017. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эч бир жанылык эмес...Кыйраткан ырлары жок да ,анан жасанып алып суротко эле тушушот.Жандуу аранардан бир экоон эле ырдай аласын.Кучунор боенуп,кийингенге эле жетет.
20.07.2017. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Дагы бир канча жылдан кийин маданият тармагында жургонумо мыынча жыл болду сыйлык бербей жатышат деп чыгышса керек.
20.07.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чолпон Талипбековадан Айпериден башкасын тааныбайт экем. Чолпон жакты мага,
20.07.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
95мин жолу суротко тушкондо эле башкача болуп калчудай суротко тушо бергендерди тушунбойм.
20.07.2017. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжелтканы да чыгарбапсынар да ))).Аселдин инстадан санын коп кармап тушкон суротторун коп кордум эле
20.07.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Суротко тушкондон башка эч нерсе билишпейт.
20.07.2017. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айпери Кубик кызы
20.07.2017. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кимге кызык
20.07.2017. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айдана Дека озун аябай эле умный сезет го
20.07.2017. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика жок ко
20.07.2017. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айдана Дека чынында эле ошондой өзүн чон сезе берет
20.07.2017. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыманы суйомго суйом
20.07.2017. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана еми ушинтип боёнуп дайыма еле бир позада туруп берсенер тизилип.ошондо ыразы болуп карайт елем
21.07.2017. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жанылыкты эмес комментарийди окуган жагат
24.07.2017. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айымжан суйомго суйом
01.08.2017. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдана Деканын артындагы фонунун карасам, нормальный деле эчтеке жок экен) Озунчоле акылдуу боло бергени жакпайт. Ал эми башкаларына соз жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: