super.kg logo

Легендарлуу "Элес" тобу кайрадан бирикти

 

Легендарлуу “Элес” тобу кайрадан бирикти. Бул тууралуу топтун жетекчиси Актан Исабаев SUPER.KG порталына маалымдады. Анын айтымында, топ 12-июль күнү борбордогу эс алуучу жайлардын биринде чакан кечесин өткөргөн. Ал эми сахнага чоң концерт коюуну шайлоодон соң, күз айларына пландап жатышат. Топтун учурдагы курамында Актан Исабаев, Адил Чекилов, Нурлан Мамбетов жана Нурсултан Раимбеков бар.

“Топту кайрадан чогултуу идеясы меники. Себеби “Элес” тобу бир убакыттарда аябай популярдуу болуп, жетишерлик күйөрман топтогон. Аны ошол боюнча калтырып, топту чачыратып салуу мүмкүн эмес эле. Анын үстүнө өзүм чет жактарга көп чыккандыктан ал жактагылардан иштешүү боюнча аябай көп сунуштар болууда. Буюрса, топтун атын чет өлкөлөрдөн угуп калышыңыздар мүмкүн. Азыр алдынкы пландарыбыздын бири ушул”, - дейт ырчы.

“Элес” тобу 1985-жылы Алишер Ишимов тарабынан негизделип, 2002-жылы тарап кеткен. Кийин топтун мүчөлөрү айрым концерттерде гана чогулуп ырдашпаса, расмий түрдө биригип чыгышкан эмес.

"Элес" тобунун репертуарындагы белгилүү ырлар: "Ты мне нужна", "Никогда", "Фея". Ал эми топтун "Медиа-порталдагы" баракчасы бул жерде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
20.07.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Булар легендага айлангыдай кандай укмуш ыр жаратышты эле...Легенда созунун да баркы кетти...
20.07.2017. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Легендага айлангыдай булар кимдер 4 тоо орусча ырлары бар экен бул ырларды кайсы орустарга ырдаган кыргыз элине мындай ырынар синген эмес
20.07.2017. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыркы жаштар буларды билбейт. Ал кезде Элес бүт өлкөнү дүңгүрөткөн топ эле. Кайдасың деген ыры менен бүт баары ооруп, концерт бергенде кадимки америкалыктардай толо эл келчү. Салыштырганда азыркы Атабековдой. Бек Борбиев, Д. Акуловаларды өчүрө койгон убагында..
18.09.2017. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Легандарное группе Элес молодцы с возвращением удачи вам!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: