super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Базар-Коргондо гавар өсүмдүгү кызуу терилүүдө, андан күнүнө 900 сомго чейин акча тапса болот" дейт окурман

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда гавар өсүмдүгүнүн даны кызуу терилип жаткандыгын SUPER.KG'нин окурманы WhatsApp аркылуу билдирди.

Билдирүүгө ылайык, гавар терүү үчүн адырга 400-500 киши чыгат.

"Гаварды райондун борборуна алып барып килограммын 45 сомдон сатабыз. Эң жакшы тергендер күнүнө 20-22 килограммга чейин теришет. Айылдарда жумуш жок болгондуктан гавар терип каражат табуу айылдыктар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду", - деп жазат окурман.

Маалымат үчүн:

Эл оозунда "гавар" деп айтылып жүргөн өсүмдүктүн илимий аталышы – каперс (латынча сapparis). Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында бул өсүмдүктү гөөл, көөл деп атап жүрүшөт. Ботаникалык китептерде коңуз баш деп да жазылган.

Жапайы өсүүчү өсүмдүк катары белгилүү. Жер жүзүндө 300гө жакын түрү кездешет. Кыргызда 1 гана түрү бар жана сары топурактуу адырларда өсөт. Мөмөсү клетчаткага, органикалык кычкылдарга жана витаминдерге бай. Ачыла элек гүлүндө белок, май, кальций, магний, йод жана витаминдер бар. Уругунан май алынып, массаж жасоодо колдонулат. Тамыры элдик медицинада дары катары пайдаланылат. Өсүмдүк тууралуу кененирээк шилтемеден окуңуз.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
24.07.2017. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Гавар эмес кыргызчасын жазсанар жакшы болмок "гоол" деп
24.07.2017. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эмне болгон өсүмдүк?
24.07.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гоол деген аталышын биринчи угушум, гавар дейт экенбиз биз дагы.Барган сайын жок бп азайып кеттиго,азыр талаага барсаң гавар көрбөйсүң))
24.07.2017. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Биздин кошунабыздын 6-класста окуган баласы гавар терип 3кой алдыго. Бардык мектеп окуучулары гавар терип мектепке кийимин сатып алып ручка тетрадын камдап койду. Бир студент кыз жарым контрагын топтоп коюптур уже. Калганын кийим кылып еще сары челеке ойноп келиптир:))) бир кошунабыз балдары менен бир ай терип Колго барып 5кун ойноп келишти:)))кыскасы гавардан байыгандар коп:))) биз эле оозубузду ачып отурабыз:)))
24.07.2017. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайым тыйынды талаага чачып коюптур,элдер аны терип атат,сенда тер оозун ачып отура бербей,затр таза акча,таза меенент.Бизда жаштыкта терчу элек,нан чайыбызды салып алып,адырларды кезип терет элек,эн соонун кундор экен эле,чарчагандыда билбептирбиз..
24.07.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гавар бул чуй жакта коргон эмесмин
24.07.2017. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ден соолука зыян экенинда унутпайлы
24.07.2017. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынын айтсам биринчи жолу угушум "гавар" же "гоол" дегенди. Бирок биз тарапта да осот мындай осумдук.
24.07.2017. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да досторум менен терчумун оспурум куракта жакшы эле акча иштечуубуз
24.07.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, "гавар" өзбөкчө айтылышы болуш керек, кыргызчасы "гөөл" дегени туура го, кичинебизде чон энелерибиздин айткандарын эстесем. Ырас жесе боло берсе эмнеге кыргызстанда озубуздо иштетип чыкса болбойт бекен, атам замандан бери эч ким, даже мал жебегенди эми жесе боло берет бекен, кызык. Жеп коргондор бар бекен озу, туркторду оозуна салып туз кошуп жей беришет дешет го.
24.07.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз жаш кезде адырга мал кой багып журуп жечуубуз ал кезде сатып алган адам жок болчуу азыр карасан ошол гавар да акча экен бирок бышкан кезде кызыыл болуп озу ачылып калат эле
24.07.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гавар түгөнүп калбайт терсе, ал тамырынан өсөт кийинки жылы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: