super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 23-ИЮЛЬ: 28 жашка толгон Гүлжигит Калыков туулган күнү түндө эле башталганын айтты

 

Бүгүн, 23-июлда эстрада ырчысы Гүлжигит Калыков 28 жашка толду. Ырчы бул күндү кандай өткөрүп жаткандыгы жана алдыдагы пландары тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

“Туулган күнүм түндө эле башталган. Кечинде жумуштарым менен борбордогу кафелердин бирине баргам. Ал жактагы иштерди бүтүрүп, сыртка чыгып бара жатсам продюсерим Канат Култаев менен “Заман” тобунун балдары мени куттуктайын деп күтүп турушуптур. Чынында мен аларга дайынымды айткан эмесмин, каяктан билип алышканын билбейм. Андан соң үйгө келгенде ата-энем, жубайым куттукташты. Ал эми эртең менен кадимкидей эле шаардагы иштеримди бүтүрүп, андан соң чачымды тегиздетип, эми бир аз бошоп калдым. Кечинде чыгармачылыктагы досторум менен биргеликте чакан кече уюштуралы деп турабыз”, - деди ырчы.

Гүлжигит Калыков 1989-жылы 23-июлда Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында төрөлгөн. Мектепти Чүй облусунун Сокулук районунда аяктап, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин экономикадагы прикладдык информатика факультетине тапшырган.

2010-жылдын июль айында продюсер Канат Култаев менен иштеше баштаган. 2011-жылы режиссёр Нурлан Разакуловдун “Сулуулар жана миллион” деген тасмасында башкы ролдордун бирин жараткан. 2012-жылы 14-январда Түркияда Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан жана Түндүк Кипр өлкөлөрү арасында өткөн "Евразия жылдызы" музыкалык сынагынын финалы болуп, Гүлжигит жеңүүчү деп табылган.

2016-жылдын 8-июлунда Айпери аттуу сулуу менен баш кошкон.

23-июлдун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
23.07.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
kimge kuzuk emi,Gyljigittin tyylgan kyny kandai otyp jatkanu
24.07.2017. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Эмгек синирген" ырчы деген наамды 7жылда алып койупсунда)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: