Динара Сагынбаева: "Кыргызстандагы ар бир районго жана шаарга жок дегенде бирден “Тез жардам” унаасы берилет"
"Кыргызстандагы ар бир районго жана шаарга жок дегенде бирден “Тез жардам” унаасы берилет". Бул тууралуу 20-майда парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева билдирди. Анын айтымында, Милдеттүү камсыздандыруу фонду тарабынан “Тез жардам” унаасын сатып алууга тендер өткөрүлгөн. “2-3 айдын аралыгында унаалар алынып келинет”,- деди министр. Эске сала кетсек, бүгүн парламенттин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2012-жылга болгон отчётун угууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

