super.kg logo

Бир позада көп сүрөткө түшкөн мырзалар. Өзүн эркин сезген Нурлан Насип, "жашоонун кереметин" даңазалаган Бакыт Байсариев жана башкалар

 

Өткөн жумада SUPER.KG порталы социалдык тармактарга бир позаны көп кайталап сүрөткө түшкөн ырчы айымдарга байкоо жүргүзсө, бүгүн кезек атактуу мырзаларга жетти.

Эркектер кыздардан айырмаланып сүрөткө түшөрдө көп кыймыл-аракет жасап, түрдүү позада образ жаратууну каалашпайт. Алардын өзгөчөлүгү колдорун өйдө көтөрүп же манжаларын түрдүү кылып өзгөртүп турганында.

Мисалы, ырчы Нурлан Насиптин социалдык тармактагы баракчасына баш баксаңыз, эки колун өйдө көтөрүп турган сүрөттөрүн көп кездештиресиз. Бул ырчы үчүн жөн гана адат болгону менен, психологдор адам бирөөдөн көз карандысыз болуп, өзүн эркин сезгенде гана колдорун бийик көтөрүп жүрөрүн айтышкан.

Нурлан Насип

Ал эми белгилүү шоумен Бакыт Байсариев менен ырчы Аваз Акимовдун сүрөттөрүнүн ичинен баш бармагын көрсөтүп түшкөн фотолору басымдуулук кыларын байкоого болот. Бул тууралуу шоумен "Сүрөткө бармагымды көрсөтүп түшкөндү өзүм жактырам. Бул "жашоо керемет" деген белгини түшүндүрөт", - десе, Аваз Акимов сүрөткө бармагын көтөрүп түшөрүн өзү байкабаганын айтты.

Бакыт Байсариев

Аваз Акимов

Ырчы Данияр Эрматовдун жогорудагы жылдыздардан айырмаланып, баш бармактын ордуна сөөмөй менен ортонку манжаларын көрсөтүп түшкөн сүрөттөрү көп кездешет. Бул "V" деген латын тамгасын түшүндүрөт. Көптөр мындай белгини англис тилиндеги "Victory" - "жеңиш" деген сөздөн келип чыгып, "жеңилбес" дегенди билдирерин айтышат.

Данияр Эрматов

Ал эми Куралбек Чокоев, Дайыр Исмадияров жана Баястан эки колун кайчылаштырып көп сүрөткө түшүшөт. Бул боюнча Чокоев колдорун бириктирип турган өзүнө ыңгайлуу сезилерин айтса, Баястан сүрөткө түшөрдө кайсы ракурстан, кандай кыймыл-аракет менен түшсө жакшы чыгарын баамдап, анан түшөрүн билдирди.

Куралбек Чокоев

Баястан

Дайыр Исмадияров

Социалдык тармакка колун чөнтөккө салып түшкөн сүрөттөрүн көп жүктөгөн Ильяз Андаш бул поза ага эле эмес, көпчүлүк эркектерге ыңгайлуу экенин айтты.

"Байкасаңар, көп кыздар сүрөткө түшкөндө оң же сол капталынан сүрөткө тартууну өтүнүшөт. Ал эми эркектерде андай жок. Көп мырзаларга түз туруп, буттарын кенен жайып, колду чөнтөккө салып турган өтө ыңгайлуу. Меники деле ошондой. Мындан улам сүрөткө түшкөндө атайын кыймыл-аракет ойлобостон, кандай турсам ошол боюнча түшө берем", - деди ал.

Ильяз Андаш


Съездбек Искеналиевдин сүрөттөрүндө эки колу менен сырткы кийимин кармап түшкөн фотолору көп кездешет. Бул боюнча өзү төмөнкүдөй пикир калтырды.

"Чынында мен фотого көп деле басым жасабайм. Андыктан кандай позадагы сүрөттөрүм көп экенин билбейм. Болгону фотосессия учурунда фотографтын айтканы боюнча түшүп коюшум мүмкүн. Ал эми кийимимди кармап түшкөн сүрөттөрүмдү жакшы элестете албай жатам, менимче, бул өзүмө билинбеген адат болуп калса керек", - дейт ырчы.

Съездбек Искеналиев

Ал эми "Non-stop" дуэтинин солисти Максат Садырбеков башкалардан айырмаланып колу менен кыймыл-аракет жасабайт. Бирок анын баракчасын барактап түз эмес, капталынан түшкөн сүрөттөрдүн бир нечесин табууга болот.

Максат Садырбеков






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
24.07.2017. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
neinteresno
24.07.2017. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Супер инфо шоу бизнестен болок жанылык копко. Мисалы мугалимдер,врачтар,аскер кызматкерлери,айдоочулар,куруучулар,ширетуучулор,ашпозчулар,чачтарачтар,китепканачылар,акындар,театр кызматкерлери,кен казуучулар,мал догтурлар жана башкалар.Арбирсанда бирден кесиптин туйшугунон,жыргалынан чыгарыныздарчы.Кирсен эле Анжелика анан Дайыр,Баястан деген эл тааныбагандар.
25.07.2017. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
voennyi88, Ооба тажжатты ушул артистер кыйратып койгонсуп
25.07.2017. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
voennyi88, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
24.07.2017. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
мага демектен *** тушушпойбу
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-25 11:04:56
25.07.2017. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nukeww,ой боорум ииий
25.07.2017. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nukeww, этика нормаларын сактаңыз.
25.07.2017. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызыктуу экен, кээде чын эле байкабай каласын кантип тушуп койгонунду))) Баааарын кызыгуу менен окуп чыктым. Жакшы маалыматтар, Рахмат )
25.07.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макс браттын сүрөттөрү жакшы чыгыптыр.
25.07.2017. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз кичинебизде сүрөткө түшөөрдө түптүз болуп катып калчук.....
Азыр соонун болуп түшүшөт коо))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: