Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктө бара жаткан кызды сүзүп, ал каза болду
Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсүндө жол кырсыгы катталып, жөө жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИБинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Аалы Токомбаев көчөсүндө Форд Транзит үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Окуя 25-июль күнү түнкү саат 23:45тер чамасында орун алган. Унааны башкарып бараткан 1985-жылы туулган К.В аттуу айдоочу чыгыштан батыш тарапты көздөй бара жатып, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден 1987-жылы туулган Бурул Тыналиева аттуу кызды сүзүп кеткен. Кырсыкка кабылган кыз окуя болгон жерден каза болгон. Айдоочу текшерүүгө алынып, анын спирт ичимдигин ичпегени аныкталган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, кырсыкка шектелген айдоочунун унаасы айып аянтына жеткирилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


анан бираз бош жол коруп калса кууп
айдап калмай. Туш келди уйлор курулган. Машина коп, права сатылып алынган.