Бишкек - Ош унаа жолундагы "Төө-Ашуу" тоннели жарыксыз калып, учурда генератордун жардамы менен иштөөдө
20-май күнү саат 15:40 чамасында Жайыл районуна караштуу “Төө-Ашуу” капчыгайынан таш кулап, ал жогорку
чыңалуудагы “Сосновка-Төө-Ашуу” электр чубалгысын үзүп кетти.
Мунун кесепетинен Суусамыр өрөөнү, ошондой эле ашуудагы “Төө-Ашуу”
тоннели электр жарыгысыз калган. Бул тууралуу “Түндүк
электр” ишканасынын басма сөз
кызматы билдирди. Учурда тоннелге жарык берүү үчүн генератор колдонулуп, аба
чубалгыларын оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

