Оштун мэри Мелис Мырзакматов унаа жуучу жай курууга мораторий жарыялоону сунуштады
Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов аталган шаарга унаа жуучу жай курууга мораторий жарыялоону сунуштады. Айтымында, учурда Ош шаарында 67 унаа жуучу жай бар.
“Эгерде унаа токтотууга атайын жай калтырылбаса кафе, ресторан, унаа жуучу жайларды куруу үчүн жер бөлүп бербөө керек. Шаардыктар ансыз деле суунун жетишсиздигинен жана жол тыгындарынан жапа чегип келишүүдө, өзгөчө ресторандар жайгашкан көчөлөрдө”,- деди мэр. Ошондой эле мэр жаңы курулуп жаткан унаа базарындагы орундар аткаминерлерге эмес, карапайым, аз камсыз болгон адамдарга берилиши керектигин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

