super.kg logo

Жумагүл Шабданова: "Дарыгерлердин шалаакылыгынан улам көз жумган уулум боюнча Аксы райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгобой жатат"

 
Тиш оорусунан улам көз жумган Жылдызбек Бекмырзаев сүйлөшкөн кызы менен
Жумагүл Шабданова уулунун көзүнүн тирүүсүндө
Аксы райондук аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Абдыманап ажы Кулбаев
Эне: "Балам оор абалда ооруканада жатса, дарыгерлери иш бөлмөсүндө минтип майрамдап отурушту
Жылдызбекке Бишкектен 4 жолу операция жасалып, бирок жыйынтык берген эмес
Жумагүл айым уулунун өлүмү тууралуу көз жашы менен айтып берди

“Баламдын өлүмүнө күнөөлүү дарыгер Аксы райондук прокуратурасына жазган арызымды кайтарып алышымды талап кылып, акча сунуштап жатат. Бирок мен эч кандай акчага алданбайм. Анткени балам өлөр алдында мага “апа, мен бат эле айыгам, анан экөөлөп ушул доктурлардан өч алабыз” деп айткан. Мен баламдын өчүн алып, күнөөлүүлөрдүн жазаланышына аракет кылам”.  

Көз жашын төккөн эне Жумагүл Шабданова редакциябызга келип ушуларды айтып берди. Анын айтымында, 21-февраль күнү уулу Жылдызбектин бир гана тишин курт жеп, тазалатып, анан пломба салдырган. Ошол учурда тиш доктур тиш түбүнө инфекция киргизип жиберип, мындан улам баланын тиши ириңдеп кеткен. Аксы райондук аймактык ооруканасына кайрылганда башкы дарыгер Абдыманап ажы Кулбаев аны кабыл албай койгон.  

“Дарыгерге канча жолу жалдырадым. Бирок “орун жок. Тиши ооруган адам да ооруканага жатчу беле деп мени менен сүйлөшчү эмес. Мен тааныш дарыгерге барып, “баламды кабыл алып койгулачы, акчасын деле берейин” дегенде 28-февралда гана алышты. Ошол маалда бейтапканада бош орундар бар эле экен. Ал жерде баламдын температурасы 39-40 болуп жаткан кезде дарыгерлер иш бөлмөсүндө курсагын арак-шарап менен тойгузушуп майрамдап отурушту. “Баламды карабасаңар койгула. Анда мага жолдомо эле жазып бергилечи. Мен шаардан барып дарылатайын” дегенимди да угушкан жок. Качан гана уулумдун абалы өтө начарлап кеткенде Бишкекке жолдомо жазып беришти”,- дейт эне.

11-класста окуп жаткан уулун жоготкон эне азыркы учурга чейин уулунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголбой жатканын айтат. Аксы прокуратурасы иш алып барып, иштин чоо-жайын Талант аттуу тергөөчү иликтемей болгон.  Бирок бүгүнкү күнгө чейин жабырлануучу тарапка бир дагы тергөөчү кайрылган эмес. 

Аксы райондук прокуратурасынын тергөөчүсү Талант Ахмедов менен байланышсак, буларды айтты:

“Азыркы убакытта керектүү материалдардын баары экспертизада каралып жатат. Ал жерден 2 айда гана жыйынтык келет. Андан кийин гана тийиштүү чараларды карайбыз”.    

Эске сала кетсек, тиш оорусунан жапа чеккен Жылдызбек Бекмырзаев 9-март күнү каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
21.05.2013. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш эле баланы эрте жок кылыпсынар.Бул доктурлар озу,адам омурунон дагы пара алганды жакшы корушот.Доктор болгондон кийин жардам бериш керекта.Аларга катуу тартип керек,законду катуу кучко киргизиш керек.
21.05.2013. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
врачтарда чонток карап калган да кооп буларды жазалаш керек кайсы жердин врачына кайрылба акча бермейинче карашпайт олуп жатсанда акча алат
21.05.2013. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир тиш учун адамдын жанын кыйыптыр да акмак жакшыраак конул буруп койбоптурда апасы канча умуттор менен остуруп жаткан болсо керек эле эжеге тубуно жетин ошолордун демекчимин
21.05.2013. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Он гулунун бир гулу ачылбай кетиптир, бала байкуш. Оо дуйнодо бейиштен жай алган болсун. Азыркы заманда оорубай эле койолучу, врачтардан жакшылык кутуп болбойт.
21.05.2013. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aksydagy oorukanadan vrachtardyn aiynan koptor kaza bolot vrachtary ushintip arak ichiship jurusho berishet anan priomuna kirseng ayabai kadalanyshat
22.05.2013. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оорулуу келгенде башкы дабагер Абдиманап Кулбаев коргон эмес. дежурный врач 27.02.2013-жылы кечинде жаткырып, эртен менен саат 08-00 до башкы дабагер коруп, 28.02.2013-жылы консилиум жасап, 01.03.2013-жылы Бишкек шаарына жоноткон. Бишкекте 01 - 09 - мартка чейин жатып, операционный столдун устундо олгон.
22.05.2013. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cоз экен деп айта берсе боло берет экен да.Ошол эле врачтардын колунан канча адамдар айыгып чыгып кетип жатпайбы.аны не айтпайт.Ал ооруу Аксыда болгону 2 эле кун жаткан а Бишкекте 7 кундон ашык жатып жатпайбы.Арак жонундо айтканы чындыкка эч дал келбейт.Сурот Аксы аймактык ооруканада Жыл ажыратты откорулуп жатканда тартылган.Не болсо да олуктон бизнес кылбаш керек да.Ар бир адамдын озуно ынсап берсин
23.05.2013. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында биздин дарыгерлер бош орун турсада акча берсен жаткырышат оруканага кепилдик берем 80 пайыз жарандар акча толоп жатышат Ош аймактык ооруканада анан жаткандан кийин дагы акча берсен карашат. Биз жаткан палатадан баары акча берип жаткандар экен суруштурсом. Россияда тез жардам машинасы менен кыргыз жараны келседа оруканага жаткырып бекер карашат а бизде акча бербесен озунун каттодо турган аймагына жат деп чыгарып коюшат. Мен оз козум менен коргом авто кырсыка учураган жаранды чыгарганын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: