Жоомарт Оторбаев: "Кумтөр” маселеси боюнча "Centerra Gold" компаниясы менен сүйлөшүүнүн 2 жолу бар"
"Кумтөр” маселеси боюнча "Centerra Gold" компаниясы менен сүйлөшүүнүн 2 жолу бар. Биринчиси - алтын кенин улутташтыруу же келишимди денонсациялоо, экинчиси - эл аралык нормага ылайык иштешүү сунушу. Бул тууралуу 21-майда ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. “Биринчи варианты боюнча кетсек, бизди алар эл аралык сотко бериши мүмкүн, ошонусу менен коркунучтуу. Сотту жеңип алуу мүмкүнчүлүгү бизде аз. Эгерде денонсация кылсак, келишимдин эл аралык нормасын бузган болобуз. Өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тегерек столдо бир чечимге келишибиз керек”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

