super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Жаңы төрөлгөн ымыркайды сатуу фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө

 

Ушул жылдын 27-апрель күнү Ысык-Көл облустук ооруканасынын төрөт үйүнүн кызматкери жана Жети-Өгүз райондук Социалдык фондунун жетектөөчү адиси жаңы төрөлгөн ымыркайды белгисиз адамдарга сатканы жөнүндө милицияга маалымат түшкөн. Териштирүү учурунда сатылып кеткен ымыркай Ак-Суу районунун Бурма-Суу айылынан табылган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Белгилүү болгондой, учурда ОИИБи тарабынан окуяны иликтөө иштери жүрүп жатат. Азырынча кылмыш иши козголо элек. Ал эми бул боюнча Ысык-Көл облустук ооруканасынын башкы дарыгери Токтобек Маанаев дарыгерлердин бул ишке эч кандай тиешеси жок экенин билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: