super.kg logo

ТЕСТ: "Махабат дастаны" тасмасын көрдүңүз беле? Тесттен өтүп көрүңүз!

 

Режиссёр Дооронбек Садырбаевдин “Махабат дастаны” тасмасы 1983-жылы тартылып, 2 жылдан кийин элдин сынына коюлган. Тасма бүткүл союздук республикаларда көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдүн жакшы баасына татыган. Аны көргөн ар бир адам Раймалы менен Бегимайдын айтышын, Жалман ата жана анын небересин эстесе керек. Сиз да көргөн болсоңуз анда тесттен өтүп көрүңүз.






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Минскте өткөн фестивалда фильм кандай наамга татыган?

“Махабат дастаны” тасмасы Минскте өткөн фестивалда “Эң мыкты режиссура” наамын алган. Ал эми Асел Эшимбековага аялдын образын мыкты аткарганы үчүн 500 рубль сыйлык берилген.

Кийинки суроо


Эң мыкты режиссура
Эң мыкты тасма
Эң мыкты сценарий
Эң мыкты оператордук эмгек

Тасма тартылып бүткөн соң эмне себептен эки жыл элге көрсөтүлбөй келген?

Убагында тасманын коюлушуна айрым бийлик өкүлдөрү “эскини эңсеген тасма” деп каршы болушкан. Алар окулган Куранды, тигилген боз үйдү шылтоо кылышкан.

Кийинки суроо


Тасманы монтаждоого 2 жыл кеткен
Тасманы кинотеатрга коюш үчүн режиссёр эки жыл кезекте турган
Режиссёрдун чечими болгон
Эскини эңсеген тасма катары бааланып элге көргөзүлбөй келген

Фильмди тартууга жалпысынан канча каражат кеткен?

Тасманы тартууга жалпысынан 310 миң рубль жумшалган. Ал эми прокаттан 42 миллион рубль түшкөн.

Кийинки суроо


42 миллион рубль
310 миң рубль
Айыл элинин жардамы менен тартылган
104 миң рубль

Советбек Жумадылов тасмада кайсы каармандын образын жараткан?

Алгач Советбек Жумадылов Раймалынын ролуна сунушталган. Бирок кийин режиссёрдун чечими менен ал Абдилхандын ролуна бекитилген.

Кийинки суроо


Тилекенин
Мамытбектин
Абдилхандын
Маралбайдын

Бегимайдын ырларын ырдаган казак кызын эмнеге тасмага тартышкан эмес?

Дооронбек Садырбаев менен Түгөлбай Казаков казак элине барышып, домбрасы колуна жарашкан кыз издешет. Далайын сындан өткөрүшүп, акыры моюну узун, өӊү серт 28 жаштагы Калемкас Орошовага токтошот. Ошол күнү эле Калемкаска “киного сизди тартпайбыз, үнүңүздү эле алабыз, ырдап бериңиз” деп суранышып, макулдугун алышат.

Кийинки суроо


Казак кызынын үнү эле керек болчу
Моюну узун, өңү серт болгон
Бегимайдын жашына туура келген эмес
Тасмага тартууга ата-энеси макул болбой койгон

“Кайгырттың мени кыз бурак, мен азыр картайган кезде көрүнүп” деген ыр саптар тасманын кайсы жеринде айтылат?

Раймалы бул ыр саптарды Бегимай менен айтышып жаткан учурда айтат. Фильм жарыкка чыккан соң бул ырга бир канча обончу 70ке жакын обон чыгарышкан.

Кийинки суроо


Тасманын башында
Раймалы менен Бегимайды өрттөгөнү жатканда
Раймалы боз үйдүн ичинде ойлонуп жатканда
Раймалы менен Бегимай айтышып жатканда

Жалман атанын небереси кино тартып жүргөндөрдүн кимисинин баласы болгон?

Жалман атанын небереси фильмдин композитору Түгөлбай Казаковдун баласы болгон. Алгач аны атасы "Манас" айттырып көрүп сынаган.

Кийинки суроо


Композитордун
Режиссёрдун
Оператордун
Гримдөөчүнүн

Бегимайдын ролун аткарган Асел Эшимбекова тасма тартылып жаткан учурда канча жашта болгон?

Бегимайдын ролун аткарган Асел Эшимбекова тасма тартылып жатканда 16 жашта болгон. Кыргызча жакшы билбеген Аселге домбра карматып, ырдаганды үйрөтүшкөн.

Кийинки суроо


18
16
17
20

“Махабат дастаны” тасмасы кайсы айылда тартылган?

Тасма жай айларында Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында тартылган. Ошол учурда кургакчылык болгондуктан “саргарып кетпесин” деп атайын суу ташыган унаалар менен жерди, бак-дарактарды сугарып турушкан.

Кийинки суроо


Кемин районунун Кызыл-Байрак айылы
Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылы
Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылы
Түп районунун Күрмөнтү айылы

Тасмада айылдаштары “жез билек балбан” деп атап алышкан каармандын аты...

Мамытбекти айылдаштары “жез билек балбан” деп коюшчу. Ал Раймалыны байлап койгон жерден бошотуп жатып, артына сайылган найзадан улам каза табат.

Кийинки суроо


Маралбай
Тилеке
Жоламан
Мамытбек

Бул ааламды 12 жашар баланын көзү менен көрүп, 100дөгү карыянын акылы менен жашаган Жалман атанын ролун ким жараткан?

Жалман атанын ролун Кыргыз Республикасынын Эл артисти Болот Бейшеналиев жараткан. Актёр тасма тартылып жаткан учурда 46 жашта болгон.

Кийинки суроо


Болот Бейшеналиев
Орозбек Кутманалиев
Асанкул Куттубаев
Советбек Жумадылов

“Бегимайдын ыры” аталып калган “Таң кылайып чыгыштан аткан кезде, талаа-түзгө күн нурун чачкан кезде” деген саптар кимге таандык?

Тасмадан соң “Бегимайдын ыры” катары эл оозунда калган ыр саптар акын Алмаш Чойбековага таандык. Анын “Барам сага” аттуу ыры фильмде казакча которулуп, ырдалган.

Кийинки суроо


Салижан Жигитов
Эрнис Турсунов
Алмаш Чойбекова
Дооронбек Садырбаев

Тасмадагы Раймалынын ырларын ырдап берген төкмө акындын атын атаңыз...

Раймалынын үнүн табыш оңойго турган эмес. Режиссёр анын жашына төп келген ырчыны издеп таппай, акыры Эстебес Турсуналиевге токтогон.

Кийинки суроо


Тууганбай Абдиев
Эстебес Турсуналиев
Замирбек Үсөнбаев
Ашыралы Айталиев

Тасмадагы Раймалы менен Бегимайдын ролун кимдер аткарган?

Раймалынын ролун айтылуу төкмө акын, дастанчы, комузчу Тууганбай Абдиев, ал эми Бегимайдын ролун Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Асел Эшимбекова ойногон.

Кийинки суроо


Советбек Жумадылов жана Асел Эшимбекова
Асанкул Куттубаев жана Наталья Аринбасарова
Советбек Жумадылов жана Жамал Сейдакматова
Тууганбай Абдиев жана Асел Эшимбекова

“Махабат дастаны” тасмасынын башкы идеясы кайсы романдагы уламыштын негизинде жаралган?

“Махабат дастаны” тасмасынын башкы идеясы Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы Раймалы ага менен Бегимай жөнүндөгү уламыштын негизинде жаралган.

Кийинки суроо


“Кылым карытар бир күн” романы
“Кандуу жылдар” романы
“Тоо арасында” романы
“Узак жол” романы

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(28)
05.08.2017. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кинону кайталап канча жолу кордум.
05.08.2017. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хааххаа 1оосуно туура жооп таптым
05.08.2017. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZHYRGAl1412,
05.08.2017. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
ZHYRGAl1412,канчалык додой экендигинди мактаныпсын го. Башына келгир...
25.08.2017. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
datkayimjan, Билбеген уят эмес
05.08.2017. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
47 эле балл.
Бала чагымда коргон кино.
05.08.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20 бал
05.08.2017. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
34 капыстан. А так 10-15 болсо керек дегем..
05.08.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино...
05.08.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
70балл болду уят бул кинону тартуу иштерин атам коргон экен тынбай айтып бере берчу ошолор эсимен чыгыптыр.
05.08.2017. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54% болду кичине кезибизде көргөнбүз да
05.08.2017. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
34
05.08.2017. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
40 балл
05.08.2017. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
47балл,Бегимайдын ыры жагат,толугу мн кайдан тапса болот?
05.08.2017. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60 балл орто эле окшойт,бирок композитордун баласы ,канча акча кеткенин билбейт экем
05.08.2017. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мойну узун ону сертин ким билиптир)) 70
06.08.2017. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баланча кимдин баласы, кошунасы деген сыяктуу "кызыктай" суроо болсо ким тапмак эле )
киного сөз жок.
06.08.2017. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
35.эсимде калбаптыр
06.08.2017. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60 бал
06.08.2017. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
47 балл
7 туура
8 ката ((((((
06.08.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
47 балл
06.08.2017. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтууу супер ушундай кыргызстанга тиешелуу тесттерди тез тез чыгарып турсаныздар жакшы болмок
07.08.2017. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Haku, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
07.08.2017. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54
16.08.2017. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меники 60 болуп калды. Асель Эшимбекова эң мыкты аткарган
31.08.2017. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
47
22.09.2017. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
87,жаман эмес
14.04.2018. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: