Таласта жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды
Талас районунда жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 15-майда Талас РИИБине бул кырсык тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган тергөө тобу Талас шаары менен Талас районунун Кумарык айылынын ортосундагы талаадан полиэтилен баштыгына оролгон жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денесин табышкан. Текшерүү учурунда ымыркайдын башынан жаракат алгандыгы аныкталган. Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда баланын төрөлгөн күнүн өлгөн күнү аныкталып жатат. Талас РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
kubanych92

22.05.2013. 09:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Амеей кантип өз баласын ээн талага таштап кетти экен бул эне? Бирөөгө зар бирөөгө кор деген ушул экенда! Дагы жаңы төрөлгөн балада энме кунөө.
Aidai2010

22.05.2013. 10:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubanych92, Ыймандын жоктугу, коомдун бузулушу ушундай нерселерге алып келет.
aitghul

29.05.2013. 08:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мурун уйдун короосуна таштачу эле, эми олтуро баштаганбы??????? Ата-эне балдарына туура тарбия бербегендин кесепетинен келип чыкан иш, негизи бул нерсе биздин экономикабызга байланыштуу десек болот. Анткени чет олколорго акча табуу максатында кеткен ата-энелер балдарынын эмне болуп жатканын билишпейт, алар менен ушундай темаларда суйлошпойт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.