super.kg logo

Өзгөн базарындагы өрт эмнеден улам келип чыкканынын болжолдуу себеби айтылды

 

Өзгөн шаарындагы базарда болгон өрт эмнеден улам келип чыкканынын болжолдуу себебин 9-августта SUPER.KG'ге ӨКМнын Ош облусундагы башкармалыгынын башчысы Сабиржан Курманбаев айтып берди. Анын билдиришинче, өрт электр энергиясын туура эмес пайдалануудан улам пайда болгон болушу ыктымал.

"Базардын администрациясы жана күзөтчүлөрүнүн берген маалыматына караганда, өрт электр энергиясын туура эмес пайдалануудан келип чыккан болушу ыктымал. Бирок бул да так эмес. Учурда атайын түзүлгөн комиссия чыгымдын көлөмүн жана өрттүн себебин тактап жатат. Так себеби комиссиянын корутундусунан белгилүү болот", - деди Курманбаев.

Эске салсак, базарда өрт чыкканы тууралуу маалымат райондук Өрт өчүрүү кызматына 29-июль күнү таңкы саат 04:40 чамасында келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 7 өрт өчүрүүчү унаа катышып, эртең мененки саат 09:00 чамасында басаңдап, түшкө маал саат 11:30да толук өчүрүлгөн. Анын кесепетинен жалпы 2 миңдей чарчы метрди ээлеген соода орундуктары күйгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча бул жерде 200дөн ашуун соода орундугу жайгашкан.








Өзгөндө чыккан өрт

Өзгөндө чыккан өрт 2-бөлүк

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.08.2017. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Варианттары коп болуш керек?...
Мумкун оздорунун кызыкчылыгы учун уюштурган...
10.08.2017. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Электр жабдууларын эмнеге карабай келишкен?! Көп жылдан бери тынч жашап келген базарды кароого эмнеге электриктер албадыбы? Бул атайын шылтоо жана куру сөз! жашыруун камераларды орнотуу керек жана текшерүү керек!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: