Максим Бакиевдин жактоочусу Биринчи Май райондук сотуна апелляциялык арыз жазды
3-апрелде Максим Бакиевдин жактоочусу Биринчи Май райондук сотуна апелляциялык арыз жазып, М.Бакиевдин иши 14-майда Бишкек шаардык сотуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 22-майда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, 26-мартта Биринчи Май райондук соту экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди 25 жылга эркинен ажыраткан. Мындан сырткары "анын мүлкү конфискацияланат" деп белгиленген. Айта кетсек, М.Бакиев 2007-жылы мыйзамсыз түрдө Ысык-Көл облусундагы “Витязь” пансионатынын 9,32 гектар жерин өзүнө менчиктештирип алган. Мунун айынан мамлекетке 123 498 700 сомдук зыян келтирилген. Ошондой эле ал “Түндүк электр” ишканасын 135 700 000 долларга сатууга аракет кылган деп айыпталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Aidai2010

22.05.2013. 11:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ууруну ууру гана жактайт да, уурдалган акчага.
narunduk

22.05.2013. 12:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ууру акыры барып барыбир билинет жана адамдар жазасын бере албаса да, тагдыр Кудай акырет жазалайт!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.