super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "13 жыл мурун Орусияга кетип, кайтпай калган инимди издейм" дейт окурман

 

Өзгөн районунун Мырза-Арык айылынын тургуну Асхат Бекташовду бир туугандары 2004-жылдан бери издеп келишет. Бул тууралуу окурман бүгүн, 14-августта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Ал Орусияга кеткен боюнча кайрылып келген жок. Өзгөчө белгилери: чачы тармал, кара түстө, бою 170 сантиметр, арык чырай. Ичинде операциядан калган тырык бар. Асхат Бекташов 1974-жылы 16-ноябрда туулган. Агабыз эч кимге карызы да, душманы да жок эле. Анан эле дайынсыз кеткени ушул күнгө чейин табышмак болуп, күйүткө салып келет. Акыркы жолу 2008-жылы коңшу балдар Москва шаарындагы Казанский бекетинен көрүшүптүр. Асхат, кокус башыңа жаман иш түшүп, кыйынчылыкка кабылып, бизге айта албай алыста жүргөн болсоң, сөзсүз кабар бер. Сени азаптан куткарып калууга даяр экенибизди унутпа. Көргөндөр болсо, 0556 007 001, 0779 675 241 жана (03222) 6 53 65 номерлерине кабарлап коюшуңуздарды суранабыз", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.08.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Табылып калсын аман эсен тиру эле жоголуп кетсе жаман
14.08.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаман болсо дагы бир тууганын куйот дегени ушул экенда
14.08.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аман эсен табылып калсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: