ТЕСТ: Айтылуу Хүррем же Мерьем Узерли тууралуу эмне билесиз?
Бүгүн, 12-августта түркиялык кино жаратуучулардын “Даӊазалуу доор” долбооруна тартылып, дүйнөгө таанылган Мерьем Узерли 34 жашка толду. Германияда төрөлүп-өскөн, түркчө билбесе да кастингге катышкан 200 миӊ кыздын арасынан тандалып алынган. Осмон империясынын тарыхында көрүнүктүү ролу бар Хүрремдин образын ийинине жеткире аткарган актриса тууралуу канчалык маалымат билесиз?
Мерьем аты унутулуп, эл арасында Хүррем атыкканы, атактуулугу таланттуу айымга кандай таасир берген? Бул суроолорго төмөнкү тесттен жооп табыӊыз...
Фото: Интернеттен алынган
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
Мерьем Узерли ага атак алып келген Хүрремдин образы тууралуу эмне дейт?
жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде, Мерьем Узерли ага атак алып келген Хүрремдин образы тууралуу: “Хүрремдин образында түшкөн сүрөттөрүмдү көрсөм ыйлагым келет. Бул менин күнөөм, анткени өзүмдөгү Мерьем Узерлини жоготуп алдым”, - деп билдирген.
Кийинки суроо
“200 миӊ кыздын арасынан долбоорго тандалып алынганыма абдан бактылуумун”
“Хүрремдин образында түшкөн сүрөттөрүмдү көрсөм ыйлагым келет. Бул менин күнөөм, анткени өзүмдөгү Мерьем Узерлини жоготуп алдым”
“Дүйнөгө тааныткан “Даӊазалуу топтун” чыгармачыл тобуна рахмат айткым келет”
Узерлинин “Даӊазалуу доор” сериалынан кетүүсүнө эмне түрткү болгон?
Актриса ошол учурда күтүүсүз кош бойлуу болуп калган эле. ошондой эле жеке жашоосундагы көйгөйлөрдөн улам Түркияда өзүн жалгыз сезгенден улам долбоорду таштап кеткен.
Кийинки суроо
Чыгармачыл топ менен чатакташа кеткен
Апасы ооруп калып, Германияга чакыртып алган
Күтүүсүз кош бойлуу болуп калганы , жеке жашоосундагы көйгөйлөрдөн улам долбоорду таштап кеткен
Актриса чыныгы Хүрремге айлануу үчүн кандай даярдык көрүп, эмнелерди үйрөнгөн?
"Тарыхый инсандын ролун жеткиликтүү жаратуу, чынында, кыйынга турду. Мынчалык чоң долбоордо иштеп жаткандан кийин жоопкерчиликти да сезе билүү керек эмеспи. Андыктан түндө уктабай түркчө үйрөнүп, тарыхый китептерди окууга туура келди”,- деген актриса берген маектеринде.
Кийинки суроо
Эл алдында башын бийик көтөрүп басып жүрүүнү
Жигиттердин башын айлантып, сыйкырдуу жылмаюуну
Тарыхый китептерди окуп, түркчө үйрөнгөн
Анын атагын арттырган “Даңазалуу доор” сериалынын тартуучу тобун Узерли эмнеси менен азапка салган?
Кызыгы, Мерьем Узерли түркчө бир дагы сөз билбегендиктен тартуучу топту көп эле азапка салганы айтылат
Кийинки суроо
Мүнөзүнүн оордугу, көк беттиги, урушчаактыгы менен
Сулуумун деп бой көтөрүп, эч кимди теңине албаганы менен
Түркчө бир дагы сөз билбегени менен
Актриса чыгармачылыгынын алгачкы жылдарында театрда иштеп жүрүп эмне үчүн бир топ убакыт депрессияда жүргөн?
Актриса чыгармачылыгынын алгачкы жылдарында театрда иштеп жүрүп дайыма экинчи пландагы ролдорду гана аткарып, баш каарманды ойноого сунуш алган эмес. Андыктан бир топ убакыт депрессияда жүргөн.
Кийинки суроо
Эч ким анын талантын баалабай койгон
Жоопсуз сүйүүгө кабылган
Дайыма экинчи пландагы ролдорду гана аткарып, баш каарманды ойноого сунуш алган эмес
Искусство адамы болууга умтулбаганын айткан Мерьем Узерли эмне үчүн актёрлук окуу жайга тапшырууну чечкен?
Искусство адамы болууга умтулбаганын айткан Мерьем Узерли жогорку окуу жайына тапшырарда келечекте өзүн искусство жаатында көргүсү келгени үчүн актёрлук окуу жайды тандаган.
Кийинки суроо
Атактуу болууну жакшы көргөнү үчүн
Дос-туугандарына өзүн ким экенин көрсөтүү үчүн
Өзүн келечекте искусство жаатында көргүсү келгени үчүн
Хүррем деген ысым перс тилинен которгондо эмнени түшүндүрөт?
Хүррем деген ысым перс тилинен которгондо шайыр дегенди түшүндүрөт
Кийинки суроо
Ай, күнгө теӊегис сулуу
Ааламдын периси
Шайыр, дайыма күлүп-жайнап турган
Сулейман султан сүйүктүү жубайы каза болгондон кийин кандай жашоо кечирген?
Сулейман султан сүйүктүү жубайы Хүррем каза болгондон кийин оор кайгыга баткан. Анын элесине арнап мечит салдырып, кийин бир да аялга көӊүл койбогону айтылат.
Кийинки суроо
Хүрремден да сулуу кызга үйлөнгөн
Анын элесине арнап, мечит салдырган. Өмүр бою кайгырып, жалгыз өткөн
Душмандарынын колуна туткунга түшкөн
Сулейман сүйүктүүсү Хүррем үчүн 1,5 кылым бою сакталып келген кандай салттарды бузган?
Тарыхый маалыматтарга караганда, Сулейман султан кылымдар бою сакталып келе жаткан султандардын гаремдеги күӊ кыздарга үйлөнбөө салтын бузуп, андагы Роксоланага үйлөнгөн. Ошондой эле ага Хүррем деген ысым ыйгарган.
Кийинки суроо
Күӊ кыз менен сүйүү мамилесин курган
Сүйүктүүсүн өз апасынан жогору койгон
Гаремдеги күӊгө үйлөнгөн
Хүррем Осмон империясынын башкаруу системине кандай тарыхый таасир тийгизген?
Хүррем чечкиндүүлүгү, эрктүүлүгү менен Осмон империясынын башкаруу системине кийлигишкен. Буга чейин султанга жакын эч бир аял өлкөнүн саясий иштерине аралашкан эмес.
Кийинки суроо
Султанга жакын болгон аялдар ошондон тарта өлкөнүн башкаруу системине кийлигише башташкан
Көӊүлдөштөргө үйлөнүүгө уруксат берилген
Көчөдө эркин жүрө башташкан
Көрөрмандардын пикири боюнча, Мерьем Узерли “Даӊазалуу доор” тасмасында кайсы актриса менен экранда чыныгы каршылаштын образын жеткире көрсөтүп бере алган?
Көрөрмандардын пикири боюнча, Мерьем Узерли “Даӊазалуу доор” тасмасында Шах Султандын образын жараткан Дениз Чакыр менен каршылаштардын образын мыкты ачып бере алган.
Кийинки суроо
Дениз Чакыр (Шах Султан)
Нур Феттахоглу (Махидевран)
Жансу Дере (Фируза)
Хүррем кайсы сапаттары менен Сулеймандын өмүр бою сүйүктүүсү боло алган?
Хүррем куулугу жана ошол замандагы аялдарга мүнөздүү болбогон чечкиндүүлүгү, эркинин күчтүүлүгү жана сүйүүдө түгөйүнө кылдат мамиле кылганы менен султандын сүйүктүүсү жана башкы кеӊешчиси боло алган.
Кийинки суроо
Эки жүздүүлүгү, куулугу менен
Куулугу жана ошол замандагы аялдарга мүнөздүү болбогон чечкиндүүлүгү, эркинин күчтүүлүгү жана сүйүүдө түгөйүнө кылдат мамиле кылганы менен
Шайыр мүнөзү жана жагымдуу жылмаюусу менен
Сулейман Султандын көзүнчө шайыр, сулуу, акылдуу болуп көрүнгөн Хүррем 4 жашынан эркелетип, сүйүп чоӊойткон кайсы жакынын өлүмгө атайлап түрткөн?
Хүррем тактыны өз колуна алуу жана уулу башкаруусу үчүн 4 жашынан өзү чоӊойткон Мустафаны түрдүү амалдар менен өлүм жаза алышына себепчи болгон.
Кийинки суроо
Ибрагим кеңешчини
Уулу Баязидди
Сулеймандын уулу Мустафаны
"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?
Сиздин упайыңыз
70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Божомолдоп таап отуруп 62 балл алдым
100 балл алдым...